Мыкты ойношту! Машыктыруучу Крестинин футболчуларга баа берди

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчулар күчтүү атаандаш менен беттешкенден кийин бир гана алдыга умтула турганын айтты.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футболчулары япон оюнчуларына каршы жакшы оюн көрсөткөнүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин билдирди.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ак шумкарлар" менен "Самурайлардын" кармашы. Бишкек стадионунан 20 сүрөт
14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Япониянын оюнчулары 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо раунддарынын алкагында беттешти. Оюн 0:2 эсебинде япондордун пайдасына аяктады. 

Крестинин күчтүү команда менен беттешкен соң алдыга умтулуу боло турганын айтып, Кыргызстандын футболчулары мыкты оюн көргөзгөнүн белгиледи.

"Оюнчулардын жакшы ойноп баштары турган иш. Балдар алгачкы мүнөттөрдө татыктуу ойношту. Гол киргизүү учурлары япондордун курамасындай эле көп болду. Оюнда ар кандай болот, алар гол киргизди, биз киргизе албай калдык. Биз дагы, алар дагы катачылыктарды кетирдик, бирок абдан сапаттуу оюн болду", — деди машыктыруучу.

Ал эми япон курамасынын машыктыруучусу Мориясу Хадзимэ Кыргызстандын командасы өзүнүн күчтүү экенин көрсөткөнүн билдирген. 

Япониянын курамасы F тайпасындагы лидерлик позициясын сактоодо. Кыргызстан экинчи орунда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0