Кыргызстан менен беттеше турчу тажик футболчуларынын баасы

© Sputnik / ТаджикистанМатч Таджикистан — Кыргызстан в рамках отборочного раунда чемпионата мира 2018 года
Матч Таджикистан — Кыргызстан в рамках отборочного раунда чемпионата мира 2018 года  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама команданын Тажикстан менен беттешүүсү маанилүү оюн болуп саналат. Коңшу мамлекеттин командасы тайпадагы экинчи орун үчүн негизги атаандаштар экендиги маалым.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын оюнчулары менен беттеше турган Тажикстандын футбол командасынын курамына 23 футболчу кирет. Бул туурасында аталган өлкөнүн Футбол федерациясынын сайтында айтылат.

2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо турунун алкагындагы беттеш 19-ноябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Учурда F тайпасында 12 упай топтогон Япония лидер болуп турат. Андан кийинки орундарда алтыдан упай алган Кыргызстан менен Тажикстандын командалары бар. Кошумча көрсөткүчтөрдүн жардамы менен КР экинчи, ТР үчүнчү сапка илинген.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мыкты ойношту! Машыктыруучу Крестинин футболчуларга баа берди
Тажикстандын командасындагы жети футболчу чет мамлекеттеги клубдарда, экөө Өзбекстандагы, ал эми калгандары Россия, Болгария, Оман, Бангладеш жана Малайзиядагы клубдарда ойноп келет. Учурда бир спортчусу эч кандай клубга мүчө эмес. Калган 15 футболчусу улуттук чемпионаттарда ойноп жүргөндөр.

Германиянын белгилүү Transfermarkt.de порталынын маалыматы боюнча, Тажикстандын курама командасынын баасы 2 миллион 650 миң еврону түзөт.

Эң кымбат оюнчу — жарым коргоочу Парвизджон Умарбоев 500 миң еврого бааланган. Дагы бир кымбат спортчу Манучехр Жалилов — 350 миң евро.

Мындан тышкары, коңшу өлкөнүн коргоочулары 200-300 миң евродон,  жарым коргоочулары 50 миңден 500 миң еврого чейин, ал эми чабуулчулары 50 миңден 350 миң еврого чейин бааланат.

Ал эми Кыргызстандын курамасындагы 12 оюнчунун баасы 2 миллион 525 миң еврону түзөт. Алардын ичинен эң кымбаты (1,2 миллион евро) команданын капитаны Валерий Кичин.

Жаңылыктар түрмөгү
0