Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орозбекова: грэпплинг менен машыгууга ата-энем каршы болгон

© Sputnik / Асель СыдыковаСеребряный призер чемпионата мира по грэпплингу среди молодежи Айдай Орозбекова
Серебряный призер чемпионата мира по грэпплингу среди молодежи Айдай Орозбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжандын Баку шаарында өткөн грэпплинг боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Айдай Орозбекова жергиликтүү менталитетке байланыштуу кыргыз кыздарынын күрөш менен машыгуусу оңой эместигин айтты.
Орозбекова: грэпплинг менен машыгууга ата-энем каршы болгон

Башында грэпплинг менен машыгуума ата-энем каршы болгон. Бирок кийин эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде ийгиликтерди жарата баштаганымда ишеним артып, колдоо көрсөтө башташты. Бул тууралуу Айдай Орозбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгач ал жиу-житсу менен коргонуу ыкмаларын үйрөнүү үчүн эле алектенип келген. Кийин грэпплинг жагып калып, профессионалдык түрдө машыга баштаган.

"Грэпплинг менен машыга баштаганымда бир топ сын пикирлерди уктум. Себеби кыз болуп алып күрөш менен машыкканым көптөргө жаккан жок. Ата-энем да каршы болгон. Бирок кийин мелдештерге чыгып, бара-бара эл аралык жана дүйнөлүк биринчиликтерде ийгилик жарата баштаганымда жакындарым ишеним көрсөтүп, колдой башташты. Азыркы учурда ата-энем мага күйөрмандык кылып, дем-күч берип турат. Алгачкы зор ийгилигим 2018-жылы болду. Анда мен грэпплинг боюнча кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынгам. Андан кийинки чоң жетишкендигим быйыл Бакуда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алган күмүш байгем десем болот", — деди Орозбекова.

Ал ошондой эле келечекте Олимпиада оюндарынын чемпиону болгусу келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0