БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Рустамбек уулу Нурадин жаштар арасында Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Азиялык бокс конфедерациясынын расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, атамекендик мушкер 10-17-ноябрь күндөрү Монголияда өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө өзбекстандык Нурислом Исмоиловду утуп жеңүүчү аталган. Боксчулар 69 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты.
Буга чейин Рустамбек уулу Нурадин Индия жана Кореядан келген каршылаштарын да утуп алган.
Эске сала кетсек, өткөн жылы Рустамбек уулу Нурадин Азия биринчилигинде коло медаль тагынган болчу.
Улан-Батор шаарындагы аталган мелдешке өлкө намысын коргоо үчүн тогуз боксчу барган.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.
NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.
Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.
CODY PUT SHAQ THROUGH A TABLE
— Bleacher Report (@BleacherReport) March 4, 2021
(via @AEW)pic.twitter.com/tJq5WqRlrY
Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.
Cracking up at Shaq having to bend his knees so they could close the ambulance door pic.twitter.com/T7blaZWLVY
— CJ Fogler #BlackLivesMatter (@cjzero) March 4, 2021
Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.
Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.
Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.