Ай-буйга келтирген жок. Футболчунун фотограф кызды тебелеп кеткен видеосу

© REUTERS / John ReedЗащитник Georgia Bulldogs Брайан Херриен
Защитник Georgia Bulldogs Брайан Херриен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу атаандашынан качам деген кыязда оюн талаасынан чыга калып, эч капарсыз сүрөт тартып жаткан кызды жыга коюп, үстүнөн тебелеп кеткен.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШда сүрөтчү кыз эки команданын футболдук беттеши учурунда капилеттен жабыркап, эсин жоготту. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды.

Ал эми кыздын спортчунун бутунун алдында калган видеосун журналист Тимоти Берк Twitter аккаунтуна жарыялады.

​Окуя Жоржия жана Оберн колледждеринин тарбиялануучуларынын ортосунда өткөн спорттук таймаш учурунда болгон. Атаандашынан качам деген футболчу Брайан Херрий капыстан оюн талаасынан чыга качып, эч капарсыз сүрөт тартып жаткан кызды жыга коюп, үстүнөн тебелеп кеткен. Күтүүсүз жерден сокку жеген кыз кулап түшкөндө эле эсин жоготкон. Ары жактан дарыгерлер чуркап келип, кызды эсине келтирип, андан соң ооруканага алып кетишкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0