Кыргызстан — Тажикстан матчында фан-зона уюштурулбайт

Жазылуу
Тажикстандын футбол боюнча курама командасы менен кыргызстандык спортчулар Бишкекте 19-ноябрда беттешет. Учурда оюнга билет сатылууда.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстан — Тажикстан матчында фан-зона уюштурулбай тургандыгын Кыргызстандын Футбол боюнча федерациясынан Sputnik Кыргызстанга билдиришти.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Япон басылмалары Бишкекте өткөн футбол мелдешин кандай чагылдырды?
Буга чейин футбол боюнча 14-ноябрда Кыргызстан — Япония командалары беттешкенде Бишкек шаарындагы Эски аянтта фанаттар аймагы уюштурулуп, ири монитордон стадиондо болуп жаткан оюн көрсөтүлгөн. Ага болжол менен 500дөй күйөрман келген. Оюндун билеттери башталганга эки күн калганга чейин эле сатылып кеткен. 2020-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунда Япониядан Кыргызстан 2:0 эсеби менен жеңилип калган.

Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде беттешет.

Футбол боюнча федерациядан Япония менен беттеште билет калбай калгандыктан, күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулганын айтышты.

"Учурда Тажикстандын командасы менен болчу беттешке билет сатыкта бар. Стадиондун кассасынан барып алууга болот. Ошондуктан фан-зона уюштурган жокпуз", — дешти федерациядан.

Кыргызстандын курама командасынын чемпионаттагы квалификациялык раунду боюнча маалыматты Sputnik Кыргызстандан окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0