Эртең такыр башкача оюн болот! Крестинин Тажикстанга каршы беттеш тууралуу

© REUTERS / SATISH KUMAR SUBRAMANIКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки курама команданын машыктыруучулары оюнга болгон даярдык мыкты экенин билдиришти. Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо турунун алкагындагы беттеш Бишкектеги стадиондо саат 20.00дө башталат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командаларынын башкы машыктыруучулары эртең Бишкекте өтө турган оюнга комментарий беришти. Алардын пикирин КРдин Футбол федерациясы жарыялады.

Александр Крестининдин (КР футбол командасынын машыктыруучусу) айтымында, команда акыркы эки оюнда (Япония менен Өзбекстан) каршылаштарына жеңилип калгандыгына байланыштуу камаарабастыкка алдырбайт.

Эске салсак, Дүйнө чемпионатынын биринчи тандоо турунун алкагында Душанбеде өткөн беттеште улуттук команда тажикстандыктарга 0:1 эсебинде жеңилип калган.

"Алдыдагы оюндун маанисин баарыбыз түшүнүп турабыз. Эртең чечүүчү беттеш. Сентябрдагы оюндун жыйынтыгы жагымсыз болду. Бирок мындайга эми жол бербейбиз. Биринчи оюнда жеңилдик, эртең болсо таптакыр башкача оюн болот", — деди Крестинин.

Ал ошондой эле медициналык штабдын арты менен буга чейин жаракат алган бардык футболчулар катарга кошулганын билдирди. Алардын катарында Бекжан Сагынбаев менен Виталий Люкс дагы бар. Катарга коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу дагы кошулду. Ал бир нече ирет сары кагаз алганы үчүн Японияга каршы оюнга катыша албай калган.

Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Бардык оюндун жыйынтыгы
Ал эми Тажикстандын курама командасынын машыктыруучусу Усмон Тошев оюнга карата даярдык мыкты экенин билдирди.

"Футболчулардын даярдыгы жакшы. Бул оюн чечүүчү экенин эки тарап тең жакшы түшүнүп турат. Виза жана билет маселесине байланыштуу командабыз толук курамда келе алган жок. Оюнчулардын бир бөлүгү бүгүн гана учуп келет. Бирок бул көрүнүш оюнга эч кандай таасирин бере албайт. Себеби футболчулар Ташкентте машыгууга үлгүрүштү", — деди машыктыруучу.

Анын пикиринде, Кыргызстандын командасы убакыт өткөн сайын өзгөрүп, өсүп жатат.

"Алдыдагы оюнда мыкты футбол көрсөтүүгө аракет жасап, акырына чейин ойнойбуз", — деп кошумчалады Тошев.

Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо турунун алкагындагы беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 19-ноябрь күнү саат 20.00дө башталат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0