Күчөп баратышат. Тажик машыктыруучусу кыргыз футболчулары тууралуу пикир айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч Кыргызстан — Таджикистан
Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыктыруучу бүгүнкү оюн боюнча божомол айтуудан баш тартты. Бирок тажик курамасынын 2022-жылы дүйнө чемпионатына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин кошумчалады.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жылдан-жылга чеберчилиги артып бара жатат. Тажик футболчуларынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошевдин мындай пикирин Sputnik Тажикстан жазды. 

"Кыргыз футболчулары Япония менен болгон беттештен кийин гана эмес, жылдан-жылга күчтөнүп бара жатат. Бул нерсе кубандырат. Бүгүн олуттуу оюн болот. Анын жыйынтыгы биз үчүн дагы, атаандаштар үчүн дагы чечүүчү роль ойнойт. Биз муну жакшы түшүнүп, оюнга катуу даярданып жатабыз", — деди Тошев.

Машыктыруучу бүгүнкү оюн боюнча божомол айтуудан баш тартты. Бирок тажик курамасынын 2022-жылы дүйнө чемпионатына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин кошумчалады.

Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Бардык оюндун жыйынтыгы
"Мүмкүнчүлүк ар дайым бар, акыркы турга чейин катуу күрөшүү керек. Биз башка тайпаларда абал кандай экенин билбейбиз да. Мисалы, Иранды, Өзбекстанды өз үйүнөн утулуп калат деп ким ойлоптур? Кыргызстанда дагы, Тажикстанда дагы дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун кийинки баскычтарына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар", — деди машыктыруучу.

Эске салсак, бүгүн, 19-ноябрда, Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Учурда Кыргызстандын командасы F тайпасында алган упайлары боюнча экинчи орунда турат

Буга чейин кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Анын үчөөндө Кыргызстан жеңишке жетсе, тажик футболчулары сегиз жолу уткан. Андан сырткары, командалар эки жолу тең чыккан. Жалпысынан Кыргызстандын курамасы 11 гол киргизип, бирок 19 топту өз дарбазасына киргизип жиберген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0