Защитник сборной Кыргызстана Виктор Майер на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года

Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши. Футболдон онлайн-репортаж

2280
(жаңыланган 10:47 20.11.2019)
Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында беттешүүдө.

Эки команда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ойнойт.

Буга чейин командалар 13 жолу кездешкен.

Тажик футболчуларынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошевдин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жылдан жылга чеберчилиги артып бара жатканын айткан.

Жаңы билдирүү
  • 21:53

    Мелдеш 1:1 эсебинде аяктады

  • 21:50

    Тажик оюнчусуна сары айып кагазы берилди

  • 21:49

    Виталий Люкстун тепкен тобу дарбазанын темирине тийип, кирбей калды

  • 21:47

    Фархат Мусабековго сары айып кагазы берилди

  • 21:47

    Тажикстандын командасында оюнчулар алмашты.

  • 21:46

    Негизги таймга беш мүнөт кошулуп берилди

  • 21:42

    Виталий Люкс атаандаштарынын үшүн алып койду көрүнөт.

  • 21:41
  • 21:37

    Го-ол

    Кыргызстандын командасы эсепти теңеди. Тамирлан Козубаевдин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирди. Оюн эсеби 1:1.

  • 21:36

    Кыргызстандык оюнчулардын бурчтан чыгарган тобу эсепти теңеп коё жаздады. Тамирлан Козубаев дарбаза жакка келген топту тебүүгө жетишпей калды.

  • 21:34

    Экинчи таймдын аякташына 12 мүнөт калды.

  • 21:32

    Павел Матяш дарбазага келе жаткан топту тосуп калды

  • 21:28

    Кыргызстандын оюнчуларында алмашуу болду. 22-номердеги Алимардон Шукуровдун ордуна 12-номердеги Одилжон Абдурахманов.

  • 21:27

    Бекжан Сагынбаевдин тепкен тобу аз жерден эсепти теңеп коё жаздады

  • 21:21

    Кыргызстандык оюнчулар атаандашынын дарбазасынын жанында кооптуу учурларды жаратууда. КРдин курамасы батыл чабуул жасап жатат, бирок азырынча эсеп теңделе элек. Тажик оюнчулары 0:1 эсебинде алдыда.

  • 21:20

    Виталий Люкс оюн талаасына чыкты

    Оюн талаасына Виктор Майердин ордуна Виталий Люкс чыкты.

  • 21:17

    Тажик футболчусуна оюн талаасында медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

  • 21:16

    Кыргызстандык оюнчу Виктор Майерге сары айып кагазы берилди

  • 21:12
    Розыгрыш углового на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Полузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Полузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Защитник сборной Кыргызстана Виктор Майер на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Полузащитник сборной КР Алимардон Шукуров на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Полузащитник сборной КР Алимардон Шукуров на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Валерий Кичин и  Эдгар Бернхардт на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Игроки сборной Таджикистана радуются забитому голу на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Защитник сборной Кыргызстана Виктор Майер на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Защитник сборной Кыргызстана Виктор Майер на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Полузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Болельщики сборной КР на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 21:11

    Кыргызстандык оюнчулар кайрадан чабуулга өттү

  • 21:10

    Тажик дарбазачысы тебилген топту тосуп кетти.

  • 21:08

    Кооптуу абал жаралды. Кыргызстандык футболчулар бурчтан чыккан топту атаандашынын дарбазасына туштап тээп, бирок топ дарбазанын өйдө жагына кетти.

  • 21:07

    Топ кыргызстандыктарда

  • 21:06

    Тажик оюнчулары каршы чабуулга өттү

  • 21:05

    Күйөрмандар оюнчуларга өз баасын берүүдө.

  • 21:02

    Тажик оюнчусуна сары айып кагазы берилди

  • 21:01

    Кыргызстандын футболчулары дароо чабуулга өттү. Бекжан Сагынбаевдин тепкен тобу эсепти теңей алган жок.

  • 21:00

    Экинчи тайм башталды

  • 20:58

    Күйөрмандар футболду коомдук жайлардан дагы көрүп жатат.

  • 20:46

    Биринчи тайм аяктады

    Биринчи тайм аяктап, оюнчуларга 15 мүнөт тыныгуу берилди. Эскерте кетсек, биринчи таймдын жыйынтыгы менен 0:1 эсебинде тажик оюнчулары алдыда баратат.

  • 20:45

    Биринчи таймга калыс 1 мүнөт кошуп берди

  • 20:43

    Кыргызстандык оюнчулар атаандашынын дарбазасы жакка ойноого аракет кылып жатат.

  • 20:42

    Алимардон Шукуровго сары айып кагазы берилди

    Оюнга көз салган калыс Алимардон Шукуровго сары айып кагазы берилди.

  • 20:41

    Биринчи таймдын аяктарына беш мүнөт калды.

  • 20:39

    Тажикстандын дарбазачысы тебилген топту тосуп кетти. 

    Кыргызстандын оюнчулары батыл чабуулга өттү. 

  • 20:38

    Валерий Кичиндин тепкен тобу эсепти теңеп коё жаздады.

  • 20:37
  • 20:33

    Кооптуу учур

    Кыргызстандык оюнчулар атаандашынын дарбазасына кооптуу учурларды жаратты. Бирок футболчулардын аракетинен майнап чыккан жок.

    Күйөрмандар "Кыргызстан" деп кыйкырып жатат.

  • 20:33

    Кыргызстандык оюнчулар чабуулга өттү

    Бирок дарбазага жакындаганда атаандаштар топту футбол талаасынан чыгара тепти.

  • 20:32

    Оюн эсеби 0:1

  • 20:30

    Валерий Кичин айып топту каршылашынын дарбазасына туштап тепти, бирок дарбазачы топту тосуп кетти.

  • 20:29

    Гүлжигит Алыкулов атаандашынын дарбазасына болгон каршы чабуулу учурунда тажик оюнчусу чалып жиберип, айып топ дайындалды.

  • 20:24

    25-мүнөттө эреже бузуу болду. Тажик оюнчусу оюн талаасында Алимардон Шукуров менен жөөлөшө кетти. Бирок кайта көрсөтүүдөн байкалгандай тажик оюнчусуна тийген деле эмес.

  • 20:21

    Гүлжигит Алыкуловдун атаандашынын дарбазасына тепкен тобу аз жерден кирип кете жаздады. 

  • 20:19

    Кыргызстандын оюнчулары чабуулга өттү

    Кыргызстандын оюнчулары чабуулга өттү. Бурчтан эки жолу тебүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бирок андан майнап чыккан жок.

  • 20:16

    Гоол

    Тажик оюнчулары Кыргызстандын курамасына 17 мүнөттө алгачкы голун киргизди.

  • 20:16

    Оюн көргөнү келген күйөрмандар.

    Болельщики на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
    © Sputnik
  • 20:16

    Тажик оюнчусу эреже бузду.

  • 20:14

    Тажик оюнчулары чабуулга өттү

    Тажикстандын оюнчулары чабуулга өтүп жатат. Бирок азырынча жыйынтык боло элек.

  • 20:13

    Кичин керекке жарады

    Валерий Кичин тажик оюнчуларынын Кыргызстандын дарбазасы жакка келген тобун тосуп калды. 

  • 20:10

    Тажикстандын оюнчулары чабуулга өтүүгө аракет кылышты. Бирок топту атаандаштарына алдырып жиберди.

  • 20:09

    Кыргызстандык оюнчулар атаандаштарына батыл чабуул жасап жатат. Оюн талаасында атамекендик команда үстөмдүгүн көрсөтүп жатат.

  • 20:06

    Алимардон Шукуров бурчтан берилген топту атаандашынын дарбазасына туштап тепти. Бирок топ асманга кетти.

  • 20:06

    Кооптуу учур болду. Кыргызстандык оюнчулар топту бурчтан чыгаруу укугун алышты.

  • 20:03
  • 20:02

    Кыргызстандын курамасынын баштапкы курамы мына ушундай. 

    Сборная Кыргызстана по футболу перед матчем. Архивное фото

    Тажикстандык футболчулар менен оюнга чыкчу КР командасынын курамы айтылды

    Команданын курамы өткөн жумада Япония командасы менен чыккандай эле. Крестинин дарбазачынын гана өзгөрткөн.
    Дагы
  • 20:01

    Белгилей кетсек, бүгүнкү беттеште Кыргызстандын курамасы кызыл форма, тажик оюнчулары ак түстөгү форма кийишкен.

  • 20:00

    Биринчи тайм башталды

  • 19:57

    Стадионго агылып келген элдин аягы тыйыла элек.

  • 19:54

    Стадиондо Тажикстан менен Кыргызстандын гимндери жаңырууда.

  • 19:53

    Командалар оюн талаасына чыгууда

    Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын оюнчулары оюн талаасына чыкты. Эки мамлекеттин желектерин да көтөрүп чыгышты.

  • 19:53
  • 19:45

    Ал ортодо Кыргызстандын курамасын колдоо үчүн келген күйөрмандар стадионго кирип жатат.

  • 19:38

    Кыргызстандын курама командасы оюн талаасына чыгып оюн алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.

  • 19:30

    Башкы машыктыруучу өз оюнчулары тууралуу кандай пикирде?

    Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн футболчулар таптакыр башка оюн көрсөтө турганын айтты. Сиздин оюңуз кандай?

    Тренер Кыргызской Республики Александр Крестинин на матче с Южной Кореей в матче группового этапа Кубка Азии — 2019 в ОАЭ

    Эртең такыр башкача оюн болот! Крестинин Тажикстанга каршы беттеш тууралуу

    Эки курама команданын машыктыруучулары оюнга болгон даярдык мыкты экенин билдиришти. Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо турунун алкагындагы беттеш Бишкектеги стадиондо саат 20.00дө башталат.
    Дагы
  • 19:28

    Тажик футболчуларынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Кыргызстандын курама командасы боюнча өз пикирин билдирген.

    На матче Кыргызстан — Таджикистан

    Күчөп баратышат. Тажик машыктыруучусу кыргыз футболчулары тууралуу пикир айтты

    Машыктыруучу бүгүнкү оюн боюнча божомол айтуудан баш тартты. Бирок тажик курамасынын 2022-жылы дүйнө чемпионатына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин кошумчалады.
    Дагы
  • 19:22

    Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары буга чейин 13 жолу беттешкен

    На матче Кыргызстан — Таджикистан

    Кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Бардык оюндун жыйынтыгы

    19-ноябрда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын кийинки этабына өтүүдөгү башкы каршылашы менен ойнойт.
    Дагы
  • 19:15

    Футбол учурунда Бишкектин бир канча көчөсү жабылат. Айдоочулар эсиңирге алгыла.

    Контроль билетов на входе в стадион в Бишкеке на матч Кыргызстан Таджикистан

    Футбол учурунда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Тизме

    Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын оюну Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. ЖКККББ айдоочуларды бара турчу жерин алдын ала пландоого чакырат.
    Дагы
  • 19:10

    Ал ортодо Мьянма менен Монголия бүгүн Мандалай шаарында беттешип, мьянмалыктар каршылашын 1:0 эсебинде утуп алган. Мелдеш Mandalar Thiri Stadium стадионунда өткөн.

  • 19:05

    Баштапкы команданын курамы

  • 19:03

    Урматтуу окурмандар, Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын 2022-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында мелдешинин тексттик трансляциясын баштайбыз.

    Баарыңыздар кош келиңиздер! Командага ийгилик каалайбыз.

live
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши. Футболдон онлайн-репортаж
+
2280
Тема:
Кыргызстан — Тажикстан командаларынын 2019-жылдагы беттеши (19)
Тема боюнча
Эртең такыр башкача оюн болот! Крестинин Тажикстанга каршы беттеш тууралуу
Кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Бардык оюндун жыйынтыгы
Күчөп баратышат. Тажик машыктыруучусу кыргыз футболчулары тууралуу пикир айтты