КР футболчуларынын абалы оор. Тайпада 2-орунду алган командалардын таблицасы

© Sputnik / Табылды КадырбековПолузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
Полузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо турларына өтүү үчүн тайпада биринчи же экинчи орунда тургандардын арасынан эң мыктысы болуу кажет.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең чыккандан кийин 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бир кыйла кыйындай түштү.

Дүйнө чемпионатынын тандоо раунддарында 2-орунду ээлеген Азиядагы командалардын көрсөткүчтөрү
КР футболчуларынын абалы оор. Тайпада 2-орунду алган командалардын таблицасы - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпионатынын тандоо раунддарында 2-орунду ээлеген Азиядагы командалардын көрсөткүчтөрү

Белгилей кетсек, учурда футболдун Азия бөлүгүндө дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо раунддары өтүүдө. Үчүнчү этапка 12 курама команда өттү. Алар сегиз тайпанын жеңүүчүлөрү менен экинчи орунду алган эң мыкты командалар.

Азыр Кыргызстандын курама командасы беттештердеги артыкчылыгы менен F тайпасында Тажикстандан озуп, экинчи орунда турат. Япония биринчи орунда.

19-ноябрда бир нече тандоо турнири өттү. Sputnik агенттиги тайпада экинчи орунда турган бардык командалардын көрсөткүчтөрүн салыштырып көрдү. Экинчи, үчүнчү орунда турган айрым командалардын көрсөткүчтөрү бирдей, бирок биз экинчи орунда турган командаларды гана алдык.

Рейтинг көрсөткүчтөрү

Биринчиден упайлардын көлөмү саналды. Эгер көрсөткүч бирдей болсо, киргизген голдорунун эсебине көңүл бурулду.

Мисалы, А жана Б командалары жетиден упай алды дейли, биринчи команда 10 гол киргизип, өз дарбазасына 5 топ киргизип жиберген. Экинчи команда атаандашына беш гол киргизип, өз дарбазасына бир голду киргизип жиберген. Ошентип упайлар да, киргизилген голдор дагы бирдей болуп калды. Бирок кийинки этапка А командасы өтөт, себеби ал 10 гол киргизген, ал эми Б командасы болгону беш гол киргизген.

Көрсөткүчтөр менен караганда Кыргызстандын курамасы сегиз команданын ичинен экинчи орунга чыккан командалардын арасында эң акыркы орунду ээледи. Оман курамасы 12 упай, Кувейт 10 упай, Малайзия менен Бахрейндики тогуздан упайы бар. Ал эми Түштүк Корея менен Сауд Аравиясы сегизден упай топтогон.

Кыргызстан менен Кытай командаларынын капчыгында жетиден упай бар, бирок Кытай курамасынын көрсөткүчтөрү жакшыраак. Белгилей кетсек, Түштүк Корея, Сауд Аравиясы менен Кытайдын командалары төрттөн гана беттеш өткөрдү. Калган командалардын бардыгы (Кыргызстан да бар) бештен жолу кездешкен.

Тандоо раунддарынын жыйынтыгында абал бир кыйла өзгөрүшү ыктымал, себеби кээ бир командалар дагы үч-төрт оюн өткөрөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0