Полузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года

КР футболчуларынын абалы оор. Тайпада 2-орунду алган командалардын таблицасы

6976
(жаңыланган 11:20 21.11.2019)
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо турларына өтүү үчүн тайпада биринчи же экинчи орунда тургандардын арасынан эң мыктысы болуу кажет.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең чыккандан кийин 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бир кыйла кыйындай түштү.

Белгилей кетсек, учурда футболдун Азия бөлүгүндө дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо раунддары өтүүдө. Үчүнчү этапка 12 курама команда өттү. Алар сегиз тайпанын жеңүүчүлөрү менен экинчи орунду алган эң мыкты командалар.

Азыр Кыргызстандын курама командасы беттештердеги артыкчылыгы менен F тайпасында Тажикстандан озуп, экинчи орунда турат. Япония биринчи орунда.

19-ноябрда бир нече тандоо турнири өттү. Sputnik агенттиги тайпада экинчи орунда турган бардык командалардын көрсөткүчтөрүн салыштырып көрдү. Экинчи, үчүнчү орунда турган айрым командалардын көрсөткүчтөрү бирдей, бирок биз экинчи орунда турган командаларды гана алдык.

Рейтинг көрсөткүчтөрү

Биринчиден упайлардын көлөмү саналды. Эгер көрсөткүч бирдей болсо, киргизген голдорунун эсебине көңүл бурулду.

Сурамжылоо

Кыргызстандын футбол командасынын оюнуна купулуңуз толдубу?
  • Ооба, жакшы ойношту. Болгону жолу болбой калды
    45.0% (82)
  • Жакшыраак ойношсо болмок, бирок бул дагы жаман эмес
    36.3% (66)
  • Өз деңгээлинен начар ойношту
    18.7% (34)
Добуш бергендер: 179
Мисалы, А жана Б командалары жетиден упай алды дейли, биринчи команда 10 гол киргизип, өз дарбазасына 5 топ киргизип жиберген. Экинчи команда атаандашына беш гол киргизип, өз дарбазасына бир голду киргизип жиберген. Ошентип упайлар да, киргизилген голдор дагы бирдей болуп калды. Бирок кийинки этапка А командасы өтөт, себеби ал 10 гол киргизген, ал эми Б командасы болгону беш гол киргизген.

Көрсөткүчтөр менен караганда Кыргызстандын курамасы сегиз команданын ичинен экинчи орунга чыккан командалардын арасында эң акыркы орунду ээледи. Оман курамасы 12 упай, Кувейт 10 упай, Малайзия менен Бахрейндики тогуздан упайы бар. Ал эми Түштүк Корея менен Сауд Аравиясы сегизден упай топтогон.

Кыргызстан менен Кытай командаларынын капчыгында жетиден упай бар, бирок Кытай курамасынын көрсөткүчтөрү жакшыраак. Белгилей кетсек, Түштүк Корея, Сауд Аравиясы менен Кытайдын командалары төрттөн гана беттеш өткөрдү. Калган командалардын бардыгы (Кыргызстан да бар) бештен жолу кездешкен.

Тандоо раунддарынын жыйынтыгында абал бир кыйла өзгөрүшү ыктымал, себеби кээ бир командалар дагы үч-төрт оюн өткөрөт.

6976
Белгилер:
рейтинг, беттешүү, мелдеш, дүйнө чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргыз-тажик мелдеши. Оюн талаасындагы маанайды чагылдырган 15 сүрөт