БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тажик оюнчулары менен болгон беттеште улуттук кураманын футболчулары үстөмдүк кылганын айтты. Ошол эле учурда кетирилген кемчиликтер да болгон.
2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын алкагында Бишкекте 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Эки команда тең F тайпасында экинчи орунда турат.
Крестинин оюнчулары шашып ойногонун, бирок аларга андай талап коюлбаганын айтты.
"Оюнда биз үстөмдүк кылдык, бирок ката кетти. Жакшы коргоно албай калдык. Эки таймда тең атаандаштын аймагында болуп, эки жолу гана олуттуу сокку узатуу жеңишке жетүү үчүн аздык кылат. Гол киргенден кийин биз атаандаштардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен катуу ойноп баштадык. Андыктан чабуулчу Кайрат Жыргалбек уулун талаага чыгардык. Чабуулга өтүүдө мыкты болгондорду экинчи таймга алып калганбыз. Абалды өзгөртүү керек болчу", — деди машыктыруучу.
"22-23 метрден, албетте, сокку уруу керек. Ошондой тапшырма дагы берилген. Тилекке каршы, оюнчулар башка чечим кабыл алып коюшту", — деди ал.
Крестинин көтөрүп берүүлөр дагы болбогонун айтты. Мисалы, мыкты соккуларды жасай алган Валерий Кичиндин алыстан топ тебүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
Машыктыруучу Кыргызстандын футболчулары каршылаштарына чабуулга өтүүгө жол бербегенин баса белгиледи.
"Биз алардын чабуулга өтүшүнө жол берген жокпуз. Болгону биздикилер чабуул учурунда соккуларды аз жасашты", — деди россиялык адис.
Машыктыруучунун айтымында, Виталий Люкс Өзбекстанга каршы оюнда жаракат алып калгандыгына байланыштуу борбордук чабуулчу позициясына Мирлан Мурзаев дайындалган.
"Люкс 90 мүнөт бою ойной албай турганын түшүнүп турдук. Эгер ал жаракат албаганда оюнга биринчи мүнөттөн баштап кирмек. Бирок Мурзаев дагы четте калып калмак эмес. Виктор Майер дагы 90 мүнөт бою футбол талаасында боло албайт болчу. Эгер аларды алмаштырууга туура келсе эмне болмок? Элдин баары команданын Японияга каршы оюнуна кубанып жатышты. Андыктан бул учурда бир нерсени өзгөртүү маанилүү болбосо керек. 12-оюнчуну талаага чыгара албайсың да", — деди Крестинин.Ал Кыргызстандын командасы ишенимдүү ойноп жатканын айтып, маселелер заматта чечилип калбай турганын белгиледи.
Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең чыккандан кийин 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бир кыйла кыйындай түштү. Команда өз тобунда экинчи орунду ээлегендердин арасында эң акыркы орунда. Үчүнчү этапка 12 курама команда өттү. Алар сегиз тайпанын жеңүүчүлөрү менен экинчи орунду алган эң мыкты командалар. Кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.
NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.
Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.
CODY PUT SHAQ THROUGH A TABLE
— Bleacher Report (@BleacherReport) March 4, 2021
(via @AEW)pic.twitter.com/tJq5WqRlrY
Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.
Cracking up at Shaq having to bend his knees so they could close the ambulance door pic.twitter.com/T7blaZWLVY
— CJ Fogler #BlackLivesMatter (@cjzero) March 4, 2021
Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.
Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.
Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.