БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко өз титулун коргоп америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешет. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы билдирди.
Быйыл август айында Валентина Шевченко экинчи ирет титулун коргоп, америкалык мушкер Лиз Кармушту жеңип алган. Ал эми UFC курун коргогон биринчи беттеште каршылашы Жессика Айды техникалык нокаут менен уткан.
31 жаштагы Шевченко ММА мелдештеринде 18 жолу жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми каршылашы Чукагян 13 беттешти утуп, эки жолу жеңилген.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебиндеги артыкчылыктар менен утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн аталган өлкөнүн спорттук күрөш ассоциациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини жеңди. Ал эми чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) утуп алган.