Акыркы эки оюндан кийин КР командасынын FIFA рейтинги кандай өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГрупповой этап Чемпионата мира 2022 года. Кыргызстан — Таджикистан
Групповой этап Чемпионата мира 2022 года. Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ноябрда эки оюн өткөрдү. Япониядан жеңилип калса, Тажикстан менен тең чыкты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. football-rankings.info сайтынын жазганына караганда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде эки орунга артка жылат.

Бул айда КР футболчулары 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында эки оюн өткөрүп, атаандаштарды өз талаасында кабыл алышкан.

Защитник сборной КР Валерий Кичин на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик оюнчуларынын беттешинен кийин тайпадагы рейтинг кандай өзгөрдү?
Кыргызстандык команда Япониядан 0:2 эсебинде утулуп калса, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыккан

Божомолдору адатта туура чыгып келген сайттын аналитиктеринин айтымында, Кыргызстандын командасы FIFA рейтингинде эки орунга артка жылып, 96-сапты ээлейт. Упайларынын да саны 12ге төмөндөп, 1 240,08ди түзүп калат.

Жаңыланган рейтинг 28-ноябрда жарыяланмакчы.

Белгилей кетсек, КР командасынын рекорддук көрсөткүчү 2018-жылдын апрелинде жеткен 75-орун.

Атамекендик футболчулардын азыркы абалы тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0