Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов. Архивдик сүрөт

"Дордойдун" оюнчусу Муролим Ахмедов Бангладештин футбол клубуна кетти

47
Ахмедов "Дордойдун" курамында ойноп жаткан маалда команда эки жолу (2018, 2019-жылдары) Кыргызстандын чемпиону болгон.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов "Дордой" клубунан кетип Бангладештин командасында ойнойт. Бул туурасында Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Ахмедов Бангладештин чемпионатынын премьер-лигасында ойной турган Saif Sporting Club Ltd клубу менен келишим түзгөнү айтылат.

Ал "Дордойдун" курамында ойноп жаткан маалда команда эки жолу (2018, 2019-жылдары) Кыргызстандын чемпиону болгон. Ошондой эле Кыргызстандын кубогун жана супер кубогун утуп алган.

47
Белгилер:
"Дордой" ФК, оюн, чемпионат
Тема боюнча
Биздикилерди таанып жүр! КРдин футбол командасы тууралуу кызыктуу фактылар
Япон басылмалары Бишкекте өткөн футбол мелдешин кандай чагылдырды?
"Ак шумкарлар" менен "Самурайлардын" кармашы. Бишкек стадионунан 20 сүрөт
Кесипкөй бокстун мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон. Архив

Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши ноябрга жылды

56
(жаңыланган 12:42 10.08.2020)
Беттеш кирешени көбөйтүү максатында Тайсондун командасынын демилгеси менен жылдырылган. Жонс да буга макулдук берген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кесипкөй бокстун мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга жылдырылды. Бул маалыматты The Ring журналына таянып РИА Новости жазды.

8 раундга белгиленген беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылган.

Маалыматта беттеш трансляциядан түшүүчү кирешени көбөйтүү максатында Тайсондун командасынын демилгеси менен жылдырылганы айтылат. Ал арада Жонс да Тайсондун өкүлдөрү менен жолугушуудан соң макулдук берген.

Макгрегордун Пакьяого беттешке чыгуу ниетине UFC башчысы эмне деди? Видео

Апрель айынын соңунда Темир Майк кайрымдуулук үчүн рингге чыгууга даяр экенин жар салган болчу. Тайсон акыркы жолу 2005-жылдын июнь айында ирландиялык Кевин Макдрайт менен беттешке чыгып, жеңилүү ызасын тарткан.

54 жаштагы Майк Тайсон 58 жолу рингге чыккан. 50 атаандашын жеңген, анын 44үн нокаут менен уткан. Алты жолу утулган. Эки беттеш өтпөй калган. Ал кесипкөй бокстун Дүйнөлүк мушкерлер кеңеши, Дүйнөлүк бокс ассоциациясы жана Эл аралык бокс федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.

Атаандашы Россиянын жарандыгын алган америкалык мушкер, дүйнөнүн экс-чемпиону Рой Жонс 50 жашта. Ал 2018-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Спорттук жолунда Жонс 66 беттешин уткан. Анын ичинде 47 атаандашын нокаут менен жеңген. Тогуз жолу утулган.

56
Белгилер:
беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
54 жаштагы Тайсон машыгууда укмуштуудай реакциясын көрсөттү. Видео
Атактуу Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеш өткөрүүнү көздөп жатат
Мария Шарапова теннис матч учурунда. Архив

Теннис чемпиону Мария Шарапова бокс менен машыга баштады. Видео

79
(жаңыланган 08:46 10.08.2020)
Видеодо булгаары мээлейчен россиялык спортчу машыктыруучусу менен соккуларды кайталап, машыгып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Теннис боюнча дүйнө чемпиону, россиялык Мария Шарапова бокс менен машыга баштады. Мурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы булгаары мээлейчен машыгып жаткан видеосун өзүнүн Instagram баракчасына койгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Sharapova (@mariasharapova)

Видеодон спортчу машыктыруучусу менен соккуларды кайталап, машыгып жатканын көрүүгө болот.

UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду

33 жаштагы Шарапова 2004-2014-жылдары Чоң шлем мелдештеринин жекелик бөлүгүндө беш мелдешин жеңген теннисчи болуп эсептелет.

79
Белгилер:
теннис, машыгуу, бокс, Мария Шарапова
Тема боюнча
Тайсон менен Рой Жонс сентябрда рингден кезикмей болушту

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

0
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

0
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат