Хабиб Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешер күнү белгилүү болду

© AP Photo / John LocherБой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым
Бой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык чемпион менен америкалык мушкердин беттеши Нью-Йорк шаарында өтөт. Алардын кармашы иш-чаранын маанилүү бөлүгү болору айтылууда.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. UFC боюнча жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов америкалык спортчу Тони Фергюсон менен 2020-жылдын 18-апрелинде беттешет. Бул туурасында россиялык спортчунун менеджери Али Абдель-Азиз Twitter баракчасына жазды.

​Андан сырткары, Нурмагомедовдун кол койгон келишиминин сүрөтүн жарыялады.

"Кеттик. Тони Фергюсон менен беттешке кол коюлду. Бул киши аны сабап коюуну көпкө чейин суранып жүргөн, эми 18-апрелге мезгили келди. Шумкар Бруклинге дагы бир ирет барып конот. Бул эми фанаттар үчүн", — деп жазган ал.

Ал арада UFC башчысы Дана Уайт бул чоң турнир Нью-Йорк шаарындагы Barclays Center аттуу жерде болорун айткан.

Нурмагомедов 7-сентябрда америкалык Дастин Пуарьени Абу-Дабиде жеңип, UFC боюнча жеңил салмактагы чемпион болгон. Хабиб кармаштын алдында анын келерки атаандашы болууга Фергюсон гана татыктуу экендигин айткан.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0