"Тайсон" кайрадан намыска жарады. Казакстандагы мелдештен видео

© Фото / из личного архива Каната КелдибековаКыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив
Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайсон каймана аты менен таанымал спортчу соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган. Көп өтпөй ACA уюму менен келишимин жаңыртып, дагы төрт беттеш өткөрмөй болгон.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Казакстанда өткөн ACA жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турниринде жеңишке жетти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Беттеш бүгүн, 29-ноябрда, Астана шаарында болду.

Спортчу атаандашы менен үч раунд толук кармашып, калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Келдибеков Ⓜ️ "Тайсон" (@kanat_keldibekov)

Анда Келдибеков жергиликтүү спортчу Алтынбек Думан улы менен рингге чыккан.

Кыргызстандык спортчу соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган.

Көп өтпөй ACA (Absolute Championship Akhmat — ред.) уюму менен келишимин жаңыртып, анын алкагында дагы төрт беттеш өткөрмөй болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0