БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Азия чемпионаты-2020" оюндарына даярдык көрүү аракеттеринин алкагында футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.
29-ноябрда башталчу машыгууга 14 оюнчу катышат.
Кыргызстандын курама командасынын курамы:
Дарбазачы: Кирилл Ермолов ("Строй-Мир"), Бекболот Акматалиев (EREM).
Оюнчулары: Арстанбек Турсунов, Мирлан Жолдубаев, Шухрат Абитов, Шохрух Махмадаминов, Улан Байгазы уулу, Дилшат Кадыров, Нурсултан Абдылдаев, Дамир Исаков, Максадбек Алимов, Манас Абдрасул уулу, Юлдашбай Салимбаев, Ильяс Чотбаев.