Жаакка согуп, сулата чапты! Алтынбек Мамашев каршылашын нокаутка кетирген видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов. Архив
Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер казакстандык каршылашын биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды. Беттеш Казакстанда өтүп жатат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашев Казакстанда өтүп жаткан АСА 102 (Absolute Championship Akhmat — ред.) турниринде каршылашын нокаутка кетирди. Мушкерлердин беттешинин видеосу аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Кадрдан Мамашев казакстандык мушкер Гойти Дазаевди жаакка согуп, сулата чапканын көрүүгө болот. Ал каршылашын биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңген.

Белгилей кетсек, буга чейин Тайсон каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков АСА спорттук уюму менен келишим түзгөнү белгилүү болгон. Ал ноябрда өтө турган бүгүнкү турнирге катышарын менеджери Марат Бекмуратов билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0