Белгилүү оор атлетчи Каныбек Осмоналиев Москвада сыйланды

© Фото / Пресс-служба посольства КР в РФЦеремония награждения Каныбека Осмоналиева в Москве
Церемония награждения  Каныбека Осмоналиева в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык алгандардын арасында башка кыргызстандыктар дагы бар. "Национальное величие" сыйлыгы СССР учурундагы жана постсоветтик мезгилде ийгилик жараткан кишилерге тапшырылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев жалпы россиялык "Национальное величие" программасынын лауреаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков башкы прокурорго генерал наамына тең келген чин ыйгарды
Сыйлык тапшыруу аземи 29-ноябрда Москва шаарында өткөн. Сыйлыкты СССР учурундагы жана постсоветтик мезгилде ийгилик жараткан кишилер алды.

Кыргызстандын атынан "Ар-намыс жана кадыр барк" номинациясынын лауреаты болуп, Осмоналиевден тышкары ишкер, меценат Аскар Салымбеков дагы татыган. Элчиликтин кабарлашынча, Кыргызстандын башка жарандарына да сыйлык тапшырылган.

"Национальное величие" сыйлыгы Россиянын Мамлекеттик думасынын колдоосу менен "Деловая Россия" коомдук уюмунун демилгеси менен 2005-жылы негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0