Абсолюттук рекорд! Лионель Месси алтынчы ирет "Алтын топ" алды. Видео

© REUTERS / CHRISTIAN HARTMANNКапитан испанского футбольного клуба "Барселона" Лионель Месси
Капитан испанского футбольного клуба Барселона Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алтын топ" France Football уюму тарабынан 1956-жылы Европанын мыкты футболчусуна берилчү сыйлык катары негизделген. Белгилей кетсек, аны алуу боюнча абсолюттук рекорд Мессиге таандык.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу Лионель Месси алтынчы ирет "Алтын топ" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты дүйшөмбү күнү Париж шаарында өттү.

​Европанын 2019-жылдагы мыкты футболчусу наамына 30 спортчу ат салышкан. Бирок лидерлик кылган үчилтикке Месси менен бирге "Ливерпуль" командасынын коргоочусу Вирджил ван Дейк жана "Алтын топтун" беш жолку ээси, айтылуу Криштиану Роналду кирген.

"Эң биринчи жолу бул сыйлыкты алганы бир туугандарым менен келгем. Бүгүн "Алтын топко" алтынчы ирет ээ болуп жатам. Албетте, мен курагым канчага келип калганын, футболдон кетчү убак жакындап келе жатканын түшүнүп турам. Бирок алдыда дагы ийгиликтер бар деп ишенем", — деди Мэсси.

"Алтын топ" France Football уюму тарабынан 1956-жылы Европанын мыкты футболчусуна берилчү сыйлык катары негизделген. Белгилей кетсек, аны алуу боюнча абсолюттук рекорд Мессиге таандык. Андан кийинки орунда беш "Алтын топ" алган "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0