Олимпиадага лицензия алган Юлия Андреева Ысык-Көлдө машыгууда. Сүрөт

© REUTERS / MICHAEL DALDERЧемпионат Европы по летним видам спорта
Чемпионат Европы по летним видам спорта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андреева 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алган алгачкы кыргызстандык жөө күлүк. Ага жолдомо ушул жылдын 8-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon эл аралык марафонунда биринчи орунду ээлегенден кийин берилген.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Токио Олимпиадасына жолдомо алган кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Чолпон-Ата шаарында машыгууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо туруна катышат
Андрееванын 5-декабрда башталган машыгуусу 22-декабрда аяктайт. Аны менен машыктыруучусу Григорий Андреев иштеп жатат. Командага олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 108 миң сом каралган.

Юлия Андреева — 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алган алгачкы жөө күлүк. Ага жолдомо ушул жылдын 8-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon эл аралык марафонунда биринчи орунду ээлегенден кийин берилген. Жакында эле жеңил атлеттерден Дарья Маслова да Олимпиадага жолдомо алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0