Мушкер Жээнбеков кайрадан АКШга барып, машыгууда. Сүрөт, видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков
Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы менен кыскача маек куруп, машыгуусу жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков кайрадан АКШга көчүп барып, машыгуусун улантууда. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tilek Zheenbekov (@tilek_zheenbekov_mma)

Эске салсак, Жээнбеков былтыр октябрдын башында карьерасына карап үй-бүлөсү менен Америкага кетип, дүйнөлүк ММА мушкерлери барган ири залда машыгып жаткан. Бирок машыгуу учурунда тизесин кокустатып алганына байланыштуу Кыргызстанга дарылануу үчүн кайтып келген. Быйыл жазында Москвада спортчунун бутуна операция жасалган. Андан бери ден соолугун калыбына келтирип жаткан.

Мушкер бир ай мурда жубайы менен Огайо штатында жайгашып, белгилүү мушкерлер машыккан Strong Style залында машыгып жатканын айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tilek Zheenbekov (@tilek_zheenbekov_mma)

"Бул залда UFС уюмунун учурдагы оор салмактагы чемпиону Стипе Миочич машыгат. Беттешке даярдануу программалары таптакыр башкача. Спорттун көп түрү боюнча даярдап, универсалдуу болууга үйрөтүшөт. Эртең менен кечинде залга барып жатам. Тиземдин жаракаты эми толук өзүнө келип баштады. Беттешке чыгууга шашкан жокмун. Буюрса карьерамды жандантуу боюнча пландар көп", — деди Жээнбеков.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tilek Zheenbekov (@tilek_zheenbekov_mma)

Тилек Жээнбеков — оор салмактагы таанымал ММА мушкерлеринин бири. Кыргызстандык WEF Global уюмунун жана Кореядагы Angels Fighting спорттук лигасынын чемпиону.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tilek Zheenbekov (@tilek_zheenbekov_mma)

Ошондой эле панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, грэпплинг, оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) боюнча Кыргызстандын чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0