Тыныбекова, Жолдошбеков, Аманбеков. Жылдын мыкты спортчулары аныкталды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды. Ошондой эле бир катар адамдарга наамдар ыйгарылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСВ Бишкеке состоялась церемония награждения лучших спортсменов 2019-года
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСВ Бишкеке состоялась церемония награждения лучших спортсменов 2019-года
Салтанаттуу иш-чара Бишкектеги бизнес борборлордун биринде болгон - Sputnik Кыргызстан
2/5
Салтанаттуу иш-чара Бишкектеги бизнес борборлордун биринде болгон
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСВ Бишкеке состоялась церемония награждения лучших спортсменов 2019-года
Ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, федерация президенттери, машыктыруучулар жана спортчулар катышкан - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, федерация президенттери, машыктыруучулар жана спортчулар катышкан
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСВ Бишкеке состоялась церемония награждения лучших спортсменов 2019-года
Массалык спорттун өнүгүшүнө салым кошкондорго, нормативди мыкты тапшыргандарга кубок, сертификаттар берилген - Sputnik Кыргызстан
4/5
Массалык спорттун өнүгүшүнө салым кошкондорго, нормативди мыкты тапшыргандарга кубок, сертификаттар берилген
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСВ Бишкеке состоялась церемония награждения лучших спортсменов 2019-года
 Ошондой эле бир катар адамга дене тарбия жана спорттун отличниги жана спорттун ардагери наамдары ыйгарылган. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Ошондой эле бир катар адамга дене тарбия жана спорттун отличниги жана спорттун ардагери наамдары ыйгарылган.
1/5
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды
2/5
Салтанаттуу иш-чара Бишкектеги бизнес борборлордун биринде болгон
3/5
Ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, федерация президенттери, машыктыруучулар жана спортчулар катышкан
4/5
Массалык спорттун өнүгүшүнө салым кошкондорго, нормативди мыкты тапшыргандарга кубок, сертификаттар берилген
5/5
Ошондой эле бир катар адамга дене тарбия жана спорттун отличниги жана спорттун ардагери наамдары ыйгарылган.

Салтанаттуу иш-чара Бишкектеги бизнес борборлордун биринде болгон. Ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары, федерация президенттери, машыктыруучулар жана спортчулар катышкан.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мыкты спортчу жана машыктыруучу наамын алгандар:

1. Айсулуу Тыныбекова — кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин көп жолку чемпиону, 2012-2016-жылдары Олимпиада оюндарына катышкан, 2020-жылы өтө турган Токио Олимпиадасына жолдомо алган;

Нурбек Изабеков — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери Олимпиада-2022 оюндарынын тандоо турунан өтпөй калды
2. Улукбек Жолдошбеков — эл аралык даражадагы спорт чебери, быйыл 23 жашка чейинкилер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону, 2018-жылы өткөн Азия чемпионатынын коло медалынын ээси;

Сүймөнкул Таабалды уулу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча мыкты спортчулар жана алардын жеке машыктыруучулары:

1. Жыргалбек Оросбаев — 2019-жылы өткөн пауэрлифтингдин НОДА версиясынан дүйнө кубогунун күмүш медалынын ээси;

Аднан Джабраилов — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, пауэрлифтинг НОДА боюнча башкы машыктыруучу.

2. Жалалдин Абдувалиев — паратриатлон боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, 2018-жылдагы Азия чемпионатынын коло медаль ээси, 2019-жылкы Азия кубогунун коло медалынын ээси;

Андрей Ханадеев — спорт чебери, Абдувалиевдин коштоп жүрүүчүсү.

3. Авазбек Аманбеков — эл аралык даражадагы спорт чебери, 2013-жылкы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, кикбоксинг боюнча жабык имарат ичиндеги V Азия оюндарынын жана 2017-жылы өткөн таймаш өнөрлөрү боюнча чемпиону, 2019-жылы кикбоксингдин лоу-кик жана фул-контакт түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону;

Маралбек Давлеткулов — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мыкты спортчулар жана алардын жеке машыктыруучулары:

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпионаты: КР футбол командасы тандоо турунун кийинки этабына өтөбү?
1. Бектуркан Кожомуратов — эл аралык даражадагы спорт чебери, 2019-жылы кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жана Улуттук көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталган;

Осмонбеков Азамат — Кожомуратовдун жеке машыктыруучусу.

Мындан тышкары, массалык спорттун өнүгүшүнө салым кошкондорго, нормативди мыкты тапшыргандарга кубок, сертификаттар берилген. Ошондой эле бир катар адамга дене тарбия жана спорттун отличниги жана спорттун ардагери наамдары ыйгарылган. Сыйлык ээлери менен кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0