Кыргызстадын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Валерий Кичин жана Эдгар Бернхардт. Архив

Кыргызстандын футбол командасы Бишкекте ойноодон баш тартууда. Себеби

374
(жаңыланган 18:31 26.12.2019)
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен мэрия эки күндөн бери футбол борборун курууга жер тилкесин бөлүп берүү маселесин чече албай жатат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эгер футбол борборун куруу үчүн жер тилкеси бөлүнбөсө Бишкекте ойногондон баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине команданын капитаны Валерий Кичин билдирди.

Оюнчунун айтымында, бул футболду өнүктүрүү үчүн керектүү долбоор.

"Бул өлкө үчүн, футбол үчүн жакшы. Бардык эле депутаттар долбоорду колдогондой болду, бирок мэр так бир чечимге келе албай жатат. Команданын маанайы анча жакшы эмес. Биз өз үйүбүздө жакшы шартта ойногубуз келет, биз буга татыктуу экенибизди көрсөтө алдык. Бизден жыйынтык көрсөтүүнү талап кылышты, максат коюп, аздан жетишип келе жатабыз. Бирок мэр айткандарыбызды аткаргысы келбесе, биз деле Бишкекте ойнобойбуз. Жумшак айтканда, мелдештерге даярданууга жана жаш футболчуларды тарбиялоого шарт жок", — деген Кичин.

Ал команданын позициясын башкы машыктыруучу Александр Крестинин да колдой турганын кошумчалады. Кичиндин пикиринде, эгер грант Тажикстанга же Өзбекстанга берилсе, алар жогорудагы маселени бат эле чечишмек.

Футболчу мэр долбоорду жактырып, жер бөлүп берет деген ниетте экендигин белгиледи.

Футболдук борбор жана анын таржымалы

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 8-10 миллион сомдой бөлүүнү пландоодо. Бул административдик кеңсе катары салынып, айланасында кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмакчы. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болот. Ал үчүн 8-10 гектар жер керек экендиги айтылды.

Футбол федерациясы шаардын түштүк бөлүгүнөн жер алууну ниеттенген, бирок мэриянын өкүлдөрү ал жак Башкы план боюнча көп кабаттуу үй курууга каралганын айтып, документтерди өзгөртүү үчүн көп убакыт керек экендигин билдиришкен.

Анын ордуна Аламүдүн районунун аймагынан, Ак-Өргө конушунан жана "Трудовые резервы" спорт комплексинен варианттар сунушталган. Анткен менен федерация грант берүүчүлөрдүн талабына ал жерлер ылайык келбей жатканын айтууда.

Депутаттар маселени бүгүн кайрадан карашмак, бирок кворум жоктугунан жыйын болбой калган. Гранттын мөөнөтү 31-декабрга чейин, эгер Бишкек кабыл ала албаса башка өлкөлөргө берилет.

374
Белгилер:
курулуш, борбор, грант, федерация, футбол, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Бишкекке спорт ордосу жана эки стадион салынат
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду

3496
(жаңыланган 17:21 03.07.2020)
Мушкердин атасы эки тараптуу пневмония болуп майдын башында Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго таянуу менен РИА Новости билдирди.

Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Уулу жана окуучусу Хабиб анын абалы оор экенин айтып келген.

3496
Белгилер:
спорт, машыктыруучу, өлүм, оору, пневмония, Хабиб Нурмагомедов, Абдулманап Нурмагомедов
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев каза болду

UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео

153
(жаңыланган 09:20 03.07.2020)
UFC YouTube каналына жарым жеңил салмактагы дивизиондогулардын беттешинин тарыхын, тагыраагы, бир нече турнирлерди чыгарды.

Жарым жеңил салмактагы категория 2010-жылдын аягында, UFC өзүнүн дивизионун кеңейтип, төмөнкү класстагыларды кошо баштаганда түзүлгөн.

Ал жылдары UFC World Extreme Cagefighting уюмунан бөлүнгөн. Жарым жеңил салмактагы WEC чемпиону Жозе Алду дароо аталган дивизиондун чемпиону деген титулду алган.

Бул наамды ал 2015-жылдын декабрына чейин алып жүрүп, UFC 194 турниринде ирландиялык Конор Макгрегорго алдырган.

Макгрегор бул титулдан 2016-жылдын 26-ноябрында ажыраган, себеби жеңил салмактагы чемпиондукка ээ болгон. Ал кезде титулду кармап келген бразилиялык Алдуга наамы кайтарылган.

Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

2017-жылдын жай айында ал олжосун UFC 212 турниринде Макс Холловэйге алдырган. Ал эки жылдан кийин австралиялык Александр Волкановски менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Бул өткөн жылдын декабрында UFC 245 турниринде болгон.

 

153
Белгилер:
турнир, видео, беттешүү, UFC
Тема боюнча
Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү
Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болору аныкталды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

0
(жаңыланган 20:33 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине "Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болууга мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКлардын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

0
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео