Соцтармакта футбол борборун курууга жер берүүнү талап кылган флешмоб башталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСтадион «Волгоград Арена»
Стадион «Волгоград Арена» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
#ЗемлюФутбольномуЦентру деген хэштег менен футболчулар, спорттук ЖМКлар жана башка спорт күйөрмандары пост жазууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэринен футбол борборун курууга жер берүүсүн талап кылган флешмоб башталды. Бул маселе бир нече күндөн бери талкууланууда.

"Дордой" футбол клубунун күйөрмандарынын Instagram аккаунту аркылуу ири футболдук объектини куруу маселесине кайдыгер карабагандарды 30-декабрда саат 11.00дө Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын алдына чогулууга чакырууда. Алар бийликке футбол борборун куруу канчалык маанилүү экенин түшүндүрүү максатын коюуда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от «ULTRAS DORDOI» est. 2014 (@ultrasdordoi)

Мындан сырткары,  #ЗемлюФутбольномуЦентру деген хэштег менен улуттук команданын футболчулары Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов, Бекжан Сагынбаев, спорттук ЖМКлар жана башка спорт сүйүүчүлөрү пост жазууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Gulzhigit Alykulov (@gulzhigit_alykulov)

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун курууга каражат бөлөт. Кыргызстандын  Футбол федерациясы 31-декабрга чейин курула турган жер тилкени аныкташ керек, андан кечиксе, грант башка өлкөгө берилип калат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн
Бул маселе 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде каралган, бирок бийлик шаар куруу боюнча документтерге каршы келет деп федерация сураган жерди бере алган жок. Улуттук команданын футболчулары буга нааразычылык иретинде Бишкекте ойногондон баш тартарын айткан

27-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрияга жаңы стадион курууга пландалып жаткан калаанын түштүк тарабындагы 6 гектар жерди бөлүп берүүгө протоколдук тапшырма берген. Башкача айтканда, депутаттар Футбол федерациясы сураган жерди берүүнү сунуштаган.

Эми мэрия менен федерация маселени өз алдынча чечиши керек. Мэрия жер муниципалдык болгондуктан объект курулуп бүткөндөн кийин мэриянын балансына өтүшү керектигин айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0