Проект футбольного центра в Бишкеке

Футбол борборун курууга жер берилмей болду. Дареги

2627
(жаңыланган 13:24 30.12.2019)
Футбол борборун курууга бериле турган жер талашка түшүп, бир нече күндөн бери талкуу жаратып жаткан.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын грантынын эсебинен курула турган футбол борборуна берилчү жер такталды. Бул туурасында Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Футбол федерациясы Сокулук районунун айыл өкмөтү менен жер алууга макулдашты. Ал жер тилкеси Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Масалиев көчөсү жана Арча-Бешик конушунун кесилишинде жайгашкан.

Футбол борбору жана анын таржымалы

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул административдик кеңсе катары салынып, айланасына кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмакчы. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болот. Ал үчүн 8-10 гектар жер керек экендиги айтылды.

Футбол федерациясы шаардын түштүк бөлүгүнөн жер алууну ниеттенген, бирок мэриянын өкүлдөрү ал жак Башкы план боюнча көп кабаттуу үй курууга каралганын айтып, документтерди өзгөртүү үчүн көп убакыт талап кылынарын билдиришкен.

2627
Белгилер:
федерация, жер, курулуш, футбол
Тема боюнча
Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн
Салымбеков Бишкектеги футбол борборуна берилчү жер боюнча жагдайды түшүндүрдү
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду

3499
(жаңыланган 17:21 03.07.2020)
Мушкердин атасы эки тараптуу пневмония болуп майдын башында Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго таянуу менен РИА Новости билдирди.

Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Уулу жана окуучусу Хабиб анын абалы оор экенин айтып келген.

3499
Белгилер:
спорт, машыктыруучу, өлүм, оору, пневмония, Хабиб Нурмагомедов, Абдулманап Нурмагомедов
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев каза болду

UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео

154
(жаңыланган 09:20 03.07.2020)
UFC YouTube каналына жарым жеңил салмактагы дивизиондогулардын беттешинин тарыхын, тагыраагы, бир нече турнирлерди чыгарды.

Жарым жеңил салмактагы категория 2010-жылдын аягында, UFC өзүнүн дивизионун кеңейтип, төмөнкү класстагыларды кошо баштаганда түзүлгөн.

Ал жылдары UFC World Extreme Cagefighting уюмунан бөлүнгөн. Жарым жеңил салмактагы WEC чемпиону Жозе Алду дароо аталган дивизиондун чемпиону деген титулду алган.

Бул наамды ал 2015-жылдын декабрына чейин алып жүрүп, UFC 194 турниринде ирландиялык Конор Макгрегорго алдырган.

Макгрегор бул титулдан 2016-жылдын 26-ноябрында ажыраган, себеби жеңил салмактагы чемпиондукка ээ болгон. Ал кезде титулду кармап келген бразилиялык Алдуга наамы кайтарылган.

Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

2017-жылдын жай айында ал олжосун UFC 212 турниринде Макс Холловэйге алдырган. Ал эки жылдан кийин австралиялык Александр Волкановски менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Бул өткөн жылдын декабрында UFC 245 турниринде болгон.

 

154
Белгилер:
турнир, видео, беттешүү, UFC
Тема боюнча
Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү
Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болору аныкталды
Бишкек шаары. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 04.07.2020)
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең күндүз республика боюнча көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ошто +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градус болору маалымдалды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы