Борбор калаада жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЧуркоо үчүн бут кийим. Архив
Чуркоо үчүн бут кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар өлкө биринчилигинде түрдүү аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышат.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаада жеңил атлетика боюнча жабык имарат ичинде чемпионат уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси
Маалыматка ылайык, мелдеш 10-11-январь күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде болот. Ага өлкө аймагынан чогулган 15-16 жаштагы өспүрүмдөр, 18 жаштан жогорку курактагы кыздар жана балдар катышат.

Спортчулар 3000, 1500, 800, 400, 200, 60 метр аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0