Хабиб Нурмагомедов Макгрегорду атаандаш катары көрбөйт

© REUTERS / Noah K. Murray-USA TODAY SportsХабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкердин менеджери алардын планында Конор Макгрегор менен октагонго чыгуу жок экенин айтып берген.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен реванш өткөрүү тууралуу ойлогон жок. Бул тууралуу россиялык спортчунун менеджери Али Абдель-Азиз TMZ порталына курган маегинде айтты.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Нурмагомедов Макгрегорду утуп, жеңил салмактагы чемпион деген наамын коргоп калган. Ал эми жаңырган жылдын башында Конор Хабиб андан коркорун, ошондуктан октагонго чыгууну каалабай турганын билдирген. 

"Конор биздин планда жок. Ал кийинки атаандашы Дональд Серронеге деле утулуп калышы мүмкүн", — деди Абдель-Азиз.

Хабиб кийинки беттешин 19-апрель күнү Нью-Йоркто өткөрмөкчү. Нурмагомедовго каршы америкалык Тони Фергюсон чыгат. Ал эми Конор Серроне менен 18-январда күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0