Бишкекте эркин жана грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

© Фото / Зульфия ТургуноваМеждународный турнир борцов греко-римского стиля в Оше
Международный турнир борцов греко-римского стиля в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчиликте мыктылыгын көрсөткөн балдар быйыл Токиодо өтө турган Олимпиадага лицензия алуу үчүн мелдештерге катышат.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Борбор калаада эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Борец Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Балбандар дагы кайсы турнирлерден Олимпиадага жолдомо алса болот. Тизме
Маалыматка ылайык, мелдеш Кожомкул атындагы спорт сарайында болмокчу. 9-10-январь күндөрү эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат. Ал эми 11-12-январь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталат.

Бул чемпионатта алдыңкы орунду алып, мыктылыгын көрсөткөн балбандардан Кыргызстандын улуттук курама командасы түзүлөт. Алар Азия чемпионатына жана башка дүйнөлүк мелдештерге катышып, быйыл Токиодо өтө турган Олимпиадага лицензия алуу үчүн күрөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0