Куруу иштери. Архивдик сүрөт

Футбол борборун курууга грант бөлүнмөй болдубу? КР Федерациясынын жообу

662
(жаңыланган 13:44 10.01.2020)
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) жалпы жонунан грант катары Кыргызстанга 8-10 миллион доллар бөлөрү айтылган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкектин четинде курула турган футбол борборунун биринчи этабына 3,5 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда тийиштүү документтер даярдалып жатканына байланыштуу акча качан которулуп, курулуш иштери кайсы мезгилде башталарын айтуу эрте.

"Бардык документтер даяр болгондон кийин гана курулуш иштери башталат. Башкысы грант бекитилди", — дешти федерациядан.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) жалпы жонунан грант катары Кыргызстанга 8-10 миллион доллар бөлөт.

Футбол борбору жана анын таржымалы

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар бөлүүнү пландап жатканы айтылган. Бул каражатка административдик кеңсе катары объект салынып, айланасына кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмай болгон. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болору айтылган. Ал үчүн 8-10 гектар жер керектелген. Футбол федерациясы шаардын түштүк бөлүгүнөн жер алууну ниеттенген, бирок мэриянын өкүлдөрү ал жак Башкы план боюнча көп кабаттуу үй курууга каралганын айтып, документтерди өзгөртүү үчүн көп убакыт талап кылынарын билдиришкен. Кийинчерээк өлкөнүн Футбол федерациясы Сокулук районунун айыл өкмөтү менен жер алууга макулдашкан.

662
Белгилер:
акча, грант, Футбол федерациясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Футбол борборун курууга жер берилмей болду. Дареги
Салымбеков Бишкектеги футбол борборуна берилчү жер боюнча жагдайды түшүндүрдү
Япониянын жогорку лигасындагы Иокогама футбол клубунун чабуулчусу Кадзуёси Миура. Архивдик сүрөт

54 жаштагы япон футболчусу жаштар менен жарыша ойноп, рекорд койду. Сүрөт

68
(жаңыланган 17:02 25.09.2020)
Рекордду ардагер-футболчу "Кавасаки Фронтэйл" клубу менен беттеште жасады. Чабуулчу негизги курамда оюнга чыгып, беттештин 56-мүнөтүндө алмаштырылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Япониянын жогорку лигасындагы "Иокогама" футбол клубунун чабуулчусу Кадзуёси Миура 54 жашында расмий оюнга чыгып, лиганын тарыхында эң улуу футболчу болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости аталган клубдун Instagram баракчасына таянып жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 横浜FC公式アカウント (@yokohamafc_official)

Мындай рекордду ардагер-футболчу "Кавасаки Фронтэйл" клубу менен конокто болгон беттеште жасады. Оюнда талаа ээлери 3:2 эсебинде уткан. 54 жаштагы чабуулчу негизги курамда оюнга чыгып, беттештин 56-мүнөтүндө алмаштырылган.

Буга чейинки жетишкендик дагы бир япондук спортчу Масаси Накаямага таандык болгон. Ал 2012-жылы 45 жаш, эки ай жана бир күн жаш курагында "Консадоле Саппоро" клубуна ойногон.

Кадзуёси Миура футболдук карьерасын 1986-жылы Бразилиянын "Сантос" клубунда баштаган. Кийин бразилиялык "Коритиба", "Палмейрас", италиялык "Женоа", загребдин "Динамо" жана башка бир канча командаларда ойногон. Азыркы "Иокогама" командасынын намысын спортчу 2005-жылдан бери коргоп келет. Январь айында ал клуб менен жыл аягына чейин жаңы келишим түзгөн. Бул ардагер-футболчу үчүн профессионалдык карьерасындагы 35-келишим болду.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

Миура 2017-жылдын 6-мартында Япония чемпионатынын экинчи дивизионунда "В-Варен Нагасаки" клубу менен 50 жаш 7 күн курагында оюнга чыгып, легендарлуу англиялык футболчу Стэнли Мэтьюздун жетишкендигин жаңыртып, профессионалдык футболдо жашы эң улуу оюнчу болгон.

Андан алты күн өтпөй Кадзуёси Миура тарыхта профессионалдык деңгээлде гол киргизген эң улуу футболчу болууга жетишкен.

Белгилеп кетсек, азыркы тапта "Иокогаманын" курамында Япония курама командасынын легендарлуу футболчусу Шинсуке Накамура да ойнойт. Ал июнь айында 42ге чыккан.

68
Белгилер:
жаш курак, футбол
Тема боюнча
Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео
Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды
УЕФАнын суперкубогун жеңген Бавария футбол клубунун оюнчулары

УЕФАнын суперкубогун "Бавария" жеңди. Тагдыр чечкен кошумча гол

134
(жаңыланган 09:30 25.09.2020)
"Ференц Пушкаш" стадионунда болгон оюнга көрүүчүлөр мурдагыдай эле келген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Германиянын "Бавария" клубу кошумча берилген убакытта киргизген голу менен испаниялык "Севилия" клубун утуп, УЕФАнын cуперкубогун жеңип алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында айтылат.

Будапешт шаарында өткөн беттеш 2:1 эсебинде Чемпиондор лигасынын жеңүүчүлөрүнүн пайдасына аяктаган. 13-мүнөттө испандыктардан Лукас Окампос 11 метрлик айып тобунан гол киргизип эсепти ачты. "Бавария" клубунан Леон Горецки (34-мүнөт) жана кошумча берилген бөлүктө (104-мүнөт) Хави Мартинес гол киргизген. Бул гол беттештин жана УЕФАнын cуперкубогун жеңүүчү гол болуп калды.

ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

67 миң орунга ылайыкташкан "Ференц Пушкаш" стадионунда болгон беттеш көрүүчүлөр менен өткөн. УЕФА буга чейин 30 пайыз күйөрман кирүүгө уруксат берген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.

Бавариялыктардын жарым коргоочусу Томас Мюллер таймаштын мыкты футболчусу деп табылды.

"Бавария" муну менен өз тарыхында экинчи ирет УЕФАнын cуперкубок мелдешин жеңип алды. Буга чейин немецтик клуб бул олжону 2013-жылы алган.

134
Белгилер:
Будапешт, Бавария, футбол
Тема боюнча
Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

0
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

0
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды