Кыргызстандын спортчу Айсулуу Тыныбекова. Архив

Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Стамбулдагы мелдештен алтын утту. Видео

8280
(жаңыланган 10:41 13.01.2020)
Эл аралык мелдеште кыргызстандык эки спортчу алтын, бирөө коло байгеге ээ болду. 10-январда башталган турнир бүгүн жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул туурасында спортчу өзү Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Yasar Dogu 2020 турнири 10-12-январь күндөрү Стамбул шаарында өттү.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Ал финалдык беттеште азербайжандык Татьяна Омельченко менен беттешти. Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктү 5:0 эсеби менен жыйынтыктады. Ал эми экинчи бөлүк башталгандан бир мүнөт өтпөй атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.

Мындан сырткары, дагы бир алтын медалды 59 килограмм салмак категориясы боюнча күрөшкөн Назира Марсбек кызы алды.

Ал эми 76 килограмм чен бирдикте чыккан Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болду.

8280
Белгилер:
Стамбул, күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Жаш агызган жеңиш. Тыныбекованын мыкты балбандардын катарына кирген видеосу
Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбандарынын катарына кирди. Гонорары да айтылды
Олимпиада: кыргызстандык спортчулардын мелдешке чыгар күнү белгилүү болду