Калы Сулайманов менен Жоламан Шаршенбековдун бүйүр кызыткан беттеши. Видео

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандын спортчу Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандын спортчу Жоламан Шаршенбеков.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбандар 60 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашып, мелдеш Калы Сулаймановдун жеңиши менен аяктады.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Белгилүү балбандар Калы Сулайманов менен Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын финалында кез келди.

Алар 60 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Экөөнүн күрөшү мелдештин бүйүр кызыткан кармаштарынын бири болду. Аталган видео Instagram тармагындагы Prosports_kyrgyzstan баракчасына жүктөлгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЛУЧШИЙ СПОРТИВНЫЙ ПАБЛИК 🇰🇬 (@prosports_kyrgyzstan)

Оюндун биринчи бөлүгүндө Шаршенбеков чабал иштегени үчүн айыпка жыгылып, атаандашына бир упай берилди. Сулайманов мындай мүмкүнчүлүктү текке кетирбей, төрт упайга иштеди. Ошентип биринчи бөлүк 5:0 эсеби менен аяктады. Ал эми экинчи бөлүктө Сулайманов чабал аракет жасаганы үчүн айыпка жыгылды. Бирок Шаршенбеков бул партерден натыйжа көрсөтө алган жок. Деген менен андан соң каршылашынын артына өтүү ыкмасын жасоо менен эки упай алды. Мындан кийинки аракеттеринен майнап чыккан жок.

Борец Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Балбандар дагы кайсы турнирлерден Олимпиадага жолдомо алса болот. Тизме
Ошентип Калы Сулайманов 5:3 эсеби менен жеңип, Кыргызстандын чемпиону болду.

Бул чемпионатта алдыңкы орунду алып, мыктылыгын көрсөткөн балбандардан Кыргызстандын улуттук курама командасы түзүлөт. Алар Азия чемпионатына жана башка дүйнөлүк мелдештерге катышып, быйыл Токиодо өтө турган Олимпиадага лицензия алуу үчүн күрөшмөкчү.

Грек-рим күрөшү боюнча байгеге ээ болгон балбандардын тизмесин бул жактан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0