Атаандашы жаракат алды. Тыныбекова Италиядагы турнирде жеңүүчү болду

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныгуу учурунда россиялык балбан өзүн жаман сезгендиктен дарыгерлер аны карап чыгып, мелдешти улантууга болбой турганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринин финалында россиялык Любовь Овчарованы утуп алды.

Ата мекендик спортчу 62 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө Тыныбекова Овчарованы 7:2 упай эсебинде жеңген. Күрөштө үч мүнөттөн эки ирет кармашууга убакыт берилет. Тыныгуу учурунда россиялык балбан өзүн жаман сезгендиктен дарыгерлер карап чыгып, мелдешти улантууга болбой турганын билдиришти. Мындан улам жеңиш кыргызстандык спортчуга берилди.

Тренер женской сборной команды Кыргызстана по вольной борьбе Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекованы таптаган Изабековдун эмгеги бааланабы? Спорт агенттигинин жообу
Эске сала кетсек, биринчи кармашта кытайлык каршылашы Жи Лонгду убакыт бүтөрүнө 10 секунд калганда жеңип алган. Беттеш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталган, бирок акыркы ыкманы Тыныбекова жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.

Тыныбекова чейрек финалда 2019-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн вице-чемпиону болгон америкалык Мэйси Эллен Килти менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Ал эми финалга чыгыш үчүн кыргызстандык спортчу дагы бир АКШлык балбан Кайла Коллин Миракл менен күч сынашты. Кармаш биринчи бөлүктө эле аяктады, себеби Айсулуу каршылашынын далысын жерге тийгизип жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0