Спорт агенттиги Кыргызстанда эң көп стипендия алган беш атлетти атады

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ири мелдештерде ийгиликке жеткен спортчулар 75 миң сом стипендия алып келет. Былтыркы жылы жогорку категория менен күрөш, сууда сүзүү жана жеңил атлетиканы аркалагандар сый акыга татыган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Узаган жылы өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчуларга 36 миллион 220 миң сомду стипендия катары бергенин билдирди.

Ага ылайык, спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча спортчуларга 30 миллион 455 миң сом, олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча атлеттерге 4 миллион 525 миң сом, ал эми спорттун улуттук түрлөрүн аркалагандарга 1 миллион 240 миң сом суммада стипендиялар ыйгарылган.

Ай сайын стипендиялар орто эсеп менен 123 спортчуга төлөнүп турган. Майда башка айларга караганда көбүрөөк спортчу стипендия алган. Алардын саны 154кө жеткен. Ал эми сентябрь айында стипендияга болгону 83 киши татыган. Буга мелдештердин саны жана атлеттердин спорттун кайсы түрүн аркалашы себеп экендиги айтылат.

Былтыр жарым жыл ичинде эң жогорку категориядагы стипендия (75 миң сом) Олимпиадага жолдомо алган беш спортчуга төлөнгөн. Алар: суучул Денис Петрашов, балбандар - Айсулуу Тыныбыкова менен Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр - Юлия Андреева менен Дарья Маслова болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0