Беттеш башталбай жатып аяктады! Макгрегор Серронени нокаут менен утту. Видео

© REUTERS / Mark J. RebilasБой Конора Макгрегора и Дональда Серроне в турнире UFC 246 в Лас-Вегасе
Бой Конора Макгрегора и Дональда Серроне в турнире UFC 246 в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конор Макгрегор спортко бир жарым жылдан кийин кайтты. Соңку беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп, чемпиондук курду тагынбай калган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор UFC турниринде америкалык Дональд Серронени техникалык нокаут менен утуп алды. Беттеш болгону 40 секундага созулду. 

Макгрегор башында эле катуу чабуулга өттү. Ал клинч учурунда ийини менен Серроненин мурдун сындырып, андан кийин башка тепкилеген. Муштумдары биринин артынан бири тийгендиктен рефери беттешти токтотууга аргасыз болду.

Аралаш мушташ боюнча UFC 246 турнири Лас-Вегаста өттү. Спортчулар октагондо 77 килограмм салмакта күч сынашты.

Конор акыркы кармашын 2018-жылы 6-октябрда өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Ал ушуну менен 22-жеңишин камсыздады. Буга чейин октагондо төрт ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Серроне 14-ирет жеңилди. ММА боюнча 36 беттешти уткан.

Турнирдин тексттик трансляциясын шилтемеден көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0