Бишкекте мыкты дзюдочулар күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по дзюдо
Чемпионат Кыргызстана по дзюдо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште өлкө аймагынан чогулган ондогон мыкты эркек жана аял спортчулар ат салышат. Алар 29-январда "Спартак" стадионунда таразага түшөт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбор калаада дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Дагы бир жолу тарых жаңырткым келет. Айсулуу Тыныбекованын маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан
Дагы бир жолу тарых жаңырткым келет. Айсулуу Тыныбекованын маеги видеодо
Маалыматка ылайык, чемпионат 30-31-январь күндөрү Бишкек шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда уюштурулуп, спортчулар 29-январда "Спартак" стадионунда таразага түшөт.

Мелдеште өлкө аймагынан чогулган ондогон мыкты эркек жана аял спортчулар ат салышат. Жалпы жонунан 14 комплект медаль ойнотулат.

Спорттук иш-чараны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Дзюдо боюнча улуттук федерация уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0