Конор Макгрегор мушкер Нейт Диасты үчүнчү беттешке чакырды

© AP Photo / Isaac BrekkenUFC 202 в Лас-Вегасе. Конор МакГрегор и Нейт Диас
UFC 202 в Лас-Вегасе. Конор МакГрегор и Нейт Диас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү UFC мушкерлери эки жолу жолугушкан. Биринчисинде америкалык жеңсе, экинчисинде ирландиялык мушкер жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Нейт Диасты үчүнчү беттешке чакыргандыгын MMA Fighting жазып чыкты.

Макгрегор белгилегендей, ал Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун килем үстүндөгү таймашынын жыйынтыгын күтүп отурбастан, дагы бир беттеш уюштурууну чечкен.

"Кел, Нейт! Ушуну жасайлы, тууган! Бизде дагы үчүнчү беттеш бар, ага убакыт келди!"— деп жазды мушкер.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду
Диас жана Макгрегор буга чейин UFC 196 жана UFC 202 турниринде эки беттеш өткөрүшкөн. Биринчи кармашта америкалык муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен. Андан беш ай өткөндөн кийин Конор калыстардын көпчүлүгүнүн чечими менен утушка ээ болгон.

18-январда өткөн UFC 246 турниринде Макгрегор америкалык Дональд Серронени техникалык нокаут менен беттештин 40 мүнөтүндө жеңди. Нейт Диас бул беттешти "сүйлөшүлгөн шоу" деп атап, анын жыйынтыгынан шек санай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0