Түркиядагы көчмөндөр оюнуна кыргыз улуттук спортунун 7 түрү кирет. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековII Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору
II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Кыргызстан дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин Түркияга берген. Мелдеш Бурса аймагында уюштурулат, азырынча так убактысы айтыла элек.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Түркиянын жаштар жана спорт министри IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул туурасында Спорт агенттигинен билдиришти.

Чемпионат Кыргызстана по дзюдо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мыкты дзюдочулар күч сынашат
Меморандумга ылайык, Түркияда боло турчу ири оюнда Кыргызстандын улуттук спортунун жети түрү киргизилет. Алар — көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү болмокчу.

Эске салсак, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө үчүнчү жолу уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган. Мелдеш Бурса аймагында өтөт, бирок убактысы так айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0