Кыргызстанда хоккей боюнча кыздардын командасы түзүлдү

© Facebook/ Федерация хоккея с шайбой Кыргызской РеспубликиПервая женская команда по хоккею
Первая женская команда по хоккею - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздардан куралган хоккей командасы азырынча машыгып жатат. Федерация спортчуларды күзүндө эл аралык турнирге катыштырууну пландап жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда хоккей боюнча кыздардын алгачкы командасы түзүлдү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, федерация жылдын башында Отрадное айылынан ар кайсы курактагы кыздарды чогултуп, командага бириктирген.

"10 жаштан 20 жашка чейинки 20дай кыз машыгууда. Күзүндө күчүбүздү сыноо үчүн эл аралык турнирге катышууну пландап жатабыз", — деди Болотбеков.

Ал ошондой эле Нарында дагы команда түзүү пландалып жатканын кошумчалады. Ал жакта сегиз кыз машыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0