Шевченко: Нуньес менен үчүнчү ирет беттешүүгө даярмын

© REUTERS / Perry NelsonБой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес
Бой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес 61 килограмм салмакта октагандо эки ирет жолугуп, экөөндө тең бразилиялык спортчу калыстардын чечими менен жеңишин майрамдаган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. UFC уюмунун 57 килограмм салмак категориясындагы чемпиону Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен үчүнчү ирет беттешүүгө даяр. Бул тууралуу кыргызстандык спортчу theScore спорт порталына маек куруп жатып айткан.

Маектин видеосу YouTube каналына жарыяланган.

"Ушул жылыбы, же кийинки жылыбы, так билбейм, бирок Аманда менен беттеш сөзсүз болот. Азырынча бул тууралуу ойлоно элекмин. Анткени салмагым боюнча көп маселени чечишим керек. Нуньес менен экинчи беттештин жыйынтыгы таптакыр туура эмес болуп калган. Элге үчүнчү беттеш керек. Ал мелдеш бир күнү болот", — деди Шевченко.

UFC 245 в Парадайсе. Аманда Нуньес и Жермейн де Рандами - Sputnik Кыргызстан
Аз жерден калды... Аманда Нуньес каршылашын жеңип, наамын коргоду. Видео
2016-2017-жылдары Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес 61 килограмм салмакта октагандо эки ирет жолугуп, экөөндө тең бразилиялык спортчу калыстардын чечими менен жеңишин майрамдаган. Ошондон кийин Шевченко 57 килограмм салмакка которулуп, чемпион болгон. Ал ар дайым Нуньес менен "бүтпөй калган иши" бар экендигин айтып келет.

8-февралдан 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөт. Ал жакта кыргызстандык спортчу америкалык Кэтлин Чукагян менен октагонго чыгып, титулун үчүнчү ирет коргомокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0