Нурмагомедов менен Макгрегор качан беттешет? UFC башчысынын билдирүүсү

© REUTERS / USA TODAY Sports / Stephen R. SylvanieБой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC
Бой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык жана ирландиялык мушкердин биринчи беттеши 2018-жылдын октябрь айында болгон. Анда Нурмагомедов муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегордун реванш-беттешинин болжолдуу убактысын айтты.

Уайт ESPN порталына маек берип жатып, эгер Нурмагомедов Тони Фергюсонду жеңип алса, күзгө чейин тыныгуу ала тургандыгын билдирген.

"Хабиб менен Тонинин беттешинен кийин эле мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталат. Россиялык мушкер бул айдын аякташын күтөт. Ошондуктан күз деп жатабыз, сентябрь, октябрь же ноябрь айы", — деди Уайт.

UFC Fight Night в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченко UFC турниринде америкалык Синтия Калвилло менен беттешет
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун биринчи беттеши 2018-жылдын октябрь айында болгон. Анда россиялык мушкер каршылашын жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Кийин Лас-Вегаста өткөн турнирде Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алган. Ошондо UFC уюмунун президенти Дана Уайт ирландиялык спортчунун кийинки каршылашы Нурмагомедов боло тургандыгын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0