БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу WBO (Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму — ред.) International чемпиондук наамы үчүн беттеш өткөрөт. Бул туурасында мелдешти уюштурган RCC Boxing Promotions компаниясынын ВКонтакте баракчасында айтылат.
Профессионалдык бокс боюнча турнир 7-мартта Екатеринбургда болот. Анда Сулайманбек уулу россиялык Марк Урванов менен 12 раунддук кармаш өткөрөт.
Урванов WBO International чемпиондук курун былтыр ноябрда тагынып, өз салмагында дүйнөдөгү күчтүү 10 боксчунун катарына кирген. Рингде 17 беттеште жеңишти камсыздап, эки ирет утулган.
Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.
Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.
Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын "Кайрат" клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы келишимге ылайык, футболчу ал жакта 2023-жылдын аягына чейин ойноп, дагы бир жылга калып калууга мүмкүнчүлүгү бар.
"Кыргызстандык Месси" атыккан оюнчу "Кайратка" 2020-жылы беларустук "Неман" клубунан өткөн.
Эске салсак, Алыкулов быйыл Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" номинациясын эки ирет жеңип алды.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Диетолог Елена Кален тамактануу рационунан азайта турчу, ал тургай таптакыр эле чийип салчу тамак-ашты санап бергенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте конфет менен таттуу суусундуктан баш тартуу кажет. Булар ашыкча салмакка, семирүүгө алып келип, канда канттын деңгээлин көбөйтүшү ыктымал.Жыйынтыгында адам кант диабетине чалдыгышы толук мүмкүн. Ошондой эле таттууну көп жегенде боор жакшы иштебей, тери бузулат.
Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.
Диетолог ичимдикти да тизмеден чийип салууну сунуштаган.
"Ичимдик ичкен адам тез карып, боор, кан тамыр ооруларына чалдыгат. Ичимдик кант диабети, гипертония жана панкреатит илдеттеринин өрчүү тоболкелчилигин жогорулатат", — деген Кален.
Адис кофени көп ичүү да организмди буза турганын айткан. Көпчүлүктүн сүйүктүү суусундугу кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн тез согуусун шартташы ыктымал.