Чукагяндын маңдайын жарып, ай-буйга келтирбей урду. Шевченконун жеңиши видеодо

© AP Photo / Michael WykeВалентина Шевченко (Кыргызстан) во время боя с Кэтлин Чукагян (США) на UFC 247 в Хьюстоне. 8 февраля 2020 года
Валентина Шевченко (Кыргызстан) во время боя с Кэтлин Чукагян (США) на UFC 247 в Хьюстоне. 8 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү раунд ортолоп калганда кыргызстандык спортчу катуу чабуулга өтүп, атаандашына таамай сокку узатуу менен жеңилүүгө мажбур кылды.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды баш көтөрпөй жеңип алды.

​Биринчи бөлүктүн аяк ченинде Шевченко атаандашын басып алып чыканак менен урганда маңдайы жарылып, канап кетти. Экинчи раундда дагы партерде иштеп, күтүлбөгөн соккуларды жасап каршылашынын айласын кетирди.

​Үчүнчү раунд башталгандан көп өтпөй Шевченко Чукагянды көтөрүп чаап, токтоосуз бетке сокку узата баштады. Буга чыдабаган атаандашы багынып берүүгө аргасыз болду.

​Натыйжада Шевченко техникалык нокаут менен уткан мушкер катары жеңүүчү аталды. Ушуну менен кыргызстандык спортчу чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоду.

Мушкер кыздардын беттеши Бишкек убактысы боюнча 9-февралда эртең менен Техас штатынын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0