Коронавирустан улам Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

Жазылуу
Мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болушу керек эле. Бирок Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир Кыргызстанда өтүшү мүмкүн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КРдин Күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болушу керек эле. Бирок Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

Ошондон кийин эл аралык спорттук уюм бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген.

"Учурда UWW менен биздин федерация ортосунда турнирди өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Жообу жакынкы күндөрү белгилүү болот", — деп билдиришти улуттук федерациядан.

Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович "Франс-Пресс" агенттигине берген маегинде мелдеш башка жерге жылдырылса, Кытайдын спортчулары сөзсүз түрдө карантиндик убакыттан өтүп алып келе турганын билдирген.

Ири турнирлерден Кыргызстан 2018-жылы күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатын өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0