Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чемпионаттын учурунда. Архив

Айпери Медет кызы Индияда Азия чемпионатынын финалына чыкты

184
(жаңыланган 20:33 20.02.2020)
Медет кызы килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет. Финалга чыгуу үчүн казакстандык Элмира Сыздыкова менен кез келип, атаандашын 4:1 упай эсебинде жер караткан.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт. Бүгүн турнирдин үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча медалдын беш топтому ойнотулат.

Медет кызы килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет.

Спортчу биринчи кармашында өзбекстандык Мухлиса Нормуминованы 11:0 эсебинде жеңген. Тайпалык баскычтын экинчи турунда өзбекстандык балбан япониялык Хирое Минагаве Сузукиге утулуп калган. Натыйжада Сузуки менен Медет кызы жарым финалга чыккан.

Тайпалык баскычтын үчүнчү турунда кыргызстандык спортчу дүйнөнүн вице-чемпиону Минагава Сузуки менен кармашып, ага 0:3 эсебинде жеңилип калган. Анткен менен экинчи орунду алганы үчүн жарым финалга чыга алган. Бул үчүн ал казакстандык Элмира Сыздыкова менен кез келип, атаандашын 4:1 упай эсебинде жер караткан.

Медет кызы алтын үчүн кармашта кайрадан япониялык Минагава Сузуки менен жолугат.

Кечээ грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кыргызстандык спортчулар Азат Салидинов менен Жоламан Шаршенбеков күмүш алса, Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким коло тагынды.

184
Белгилер:
финал, Айпери Медет кызы, Азия чемпионаты, Индия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз күрөштүн балбандары Көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет
UFC чемпиону Шевченко мөөнөтүнөн эрте октагонго кайтмай болду. Атаандашы ким
Нападающий сборной Кыргызстана Абай Боколеев во время тренировки

Абай Боколеевдин атасы көз жумуп, футболчу Япониядан мекенине учуп кетти

0
(жаңыланган 10:44 13.06.2021)
Футболчу улуттук команданын курамында дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Япониянын Осака шаарында мелдештерге катышып жүргөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кечээ, 12-июнь күнү, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунан кабарлашты.

"Мындан улам футболчу биринчи каттам менен мекенине учуп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Бегилей кетсек, улуттук команда дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Япониянын Осака шаарында мелдештерге катышып жүргөн. Буга чейин эки оюн көрсөткөн команданын алдыда дагы бир оюну бар. Кыргызстандык футболчулар 15-июнь күнү Япониянын курама командасы менен беттешет.

0

Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

552
Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

12-июнга караган түнү Рим шаарында Евро-2020 старт алып, оюнду Түркия менен Италиянын курама командалары ачып берди.

Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.

Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.

552
Белгилер:
автогол, Италия, Түркия, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу