Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүгө даярбы? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болмок. Бирок коронавирустун айынан аны Кыргызстанда өткөрүү сунушу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан киргизилген.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Коронавирустун айынан Кытайда болбой калган күрөш боюнча лицензиялык турнирди өткөрүүгө Кыргызстандын даярдыгы боюнча Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен айтып беришти.

Борец Айпери Медет Кызы - Sputnik Кыргызстан
Айпери Медет кызы Азия биринчилигинде күмүш медаль алды
Эске салсак, 2020-жылдагы Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болмок. Бирок коронавирустун айынан аны Кыргызстанда өткөрүү сунушу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан киргизилген. 

Агенттиктин маалымат кызматы Кыргызстандын бул сыяктуу ири масштабдагы иш-чараларды өткөрүүдө тажрыйбасы бар экенин билдирди.

"Бизде 2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпионаты өткөн. Мелдештин өзү жана спортчулардын машыгуусу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү. Меймандар менен катышуучуларды жайгаштыруу боюнча агенттик тендер жарыялайт. Убакыт аз калганына карабай мелдешти татыктуу деңгээлде өткөрүүгө жетишебиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча иш-чарага кайсы мамлекеттерден канча спортчу келери айтыла элек.

Буга чейин Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович кыргыз өкмөтү менен КРдин Күрөш федерациясына маанилүү иш-чараны өз өлкөсүндө өткөрүүгө макулдук бергенине ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0