Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатындагы алгачкы кармашында утулуп калды

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстанский борец Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстанский борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова менен япониялык спортчу 62 килограмм салмакта күч сынашты. Жеңишти 6:1 эсеби менен Каваи алып кетти.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын биринчи кармашында япониялык Юкако Каваиге жеңилип калды. Беттеш UWW сайтында түз эфирден көрсөтүлдү.

Тыныбекова менен Каваи 62 килограмм салмакта күч сынашты. Жеңишти 6:1 эсеби менен япон спортчусу алып кетти.

Беттеш бүтөргө чукул эсеп 1:1 болчу, бирок Каваи атаандашын көтөрүп чапкандыгы үчүн беш упай алып кеткен. Эгер ал финалга чыга алса, Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0