Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын коло байге ээси болду

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова квалификациялык кармашында япониялык Юкако Каваиге жеңилип калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган болчу.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жергиликтүү спортчу Сонам Сонамды 11:0 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүгө даярбы? Расмий жооп
Эске сала кетсек, Тыныбекова квалификациялык кармашында япониялык Юкако Каваиге жеңилип калган. Беттеш бүтөргө чукул эсеп 1:1 болчу, бирок Каваи атаандашын көтөрүп чапкандыгы үчүн беш упай алып кеткен. Тыныбекова атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган болчу.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт.

Буга чейин Индияда болуп жаткан Азия чемпионатынан Айпери Медет кызы, Азат Салидинов, Жоламан Шаршенбеков күмүш алса, ал эми Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким үчүнчү орунду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0