Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп

© Sputnik / Табылды КадырбековКүрөшүп жаткан балбандар. Архив
Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте 27-29-март күндөрү Азия континентиндеги балбандар үчүн Олимпиаданын лицензиялык турнири өтөт. Бул күнү 20дан ашык мамлекеттин спортчулары грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча күч сынашат.

План боюнча турнир Кытайдын Сиань шаарында болушу керек эле, бирок Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу Кыргызстанда уюштуруу чечимин кабыл алды.

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын коло байге ээси болду
Мындай лицензиялык турнир өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин ири мелдештерден 2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпионаты өткөн.

Спортчулардын айтымында, кыргыз балбандарынын өз үйүндө күрөшкөнү жолдомо алууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Кыргызстан мелдешти ийгиликтүү өткөрүп алса, эл аралык аренадагы аброю жогорулайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ири турнирди чукул арада өткөрүүгө өлкө даярбы, спортчуларга кандай артыкчылык берилет, Кыргызстан мындан эмне пайда көрө турганын билүүгө кызыкты.

Кыргызстандын тажрыйбасы жетиштүү

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги бул боюнча өкмөттүк деңгээлде уюштуруу комитети түзүлгөнүн билдирди. Аны вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жетектейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Алтынай Өмүрбекова
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова
"2018-жылкы Азия чемпионатынан алган тажрыйбанын негизинде даярдык көрүп жатабыз. Убакыт аз калганына карабай мелдешти татыктуу деңгээлде өткөрүүгө жетишебиз. Спортчуларды тосуп алуу, жайгаштыруу, тамак-аш менен камсыздоо жана кайра аэропортко чейин узатуу иштери биздин мойнубузда. Талаптагыдай шарттарды түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул турнирди өткөрүү менен өзүбүзгө дагы тажрыйба топтоп алабыз. Ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууга, атын дүйнөгө таанытууга шарт түзүлөт", — деди агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова.

Ал эми коронавирустан коргонуу маселеси Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлгөн. Дарыгерлер өлкөгө келген спортчуларды текшерип, көзөмөлдөйт.

Турнирди өткөрүүнү төрт мамлекет талашты

Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Кыргызстанга Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүү сунушу UWW тарабынан бир жума мурда келгенин билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКүрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев

"Көп өлкөлөр коронавируска байланыштуу кытайлык спортчулардын келишинен турнирди өткөрүүдөн кооптонуп жатышкан. Бирок Бириккен күрөш дүйнөсү аларды Бельгияда 40 күндүк карантинге алууну чечти. Ошондон кийин Казакстан, Өзбекстан, Катар, Түштүк Корея өткөрүүгө кызыга баштады. Аларга кошулуп биз дагы даяр экенибизди билдиргенбиз. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстанга уруксат берилди. Биз буга чейин да Азия федерациясы жана Бириккен күрөш дүйнөсү менен тыгыз иштешип келгенбиз", — деди Турганбаев.

Мелдештер Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Турганбаев кыргыз балбандары 8-10 жолдомо алууга максат койгонун белгиледи.

2020-жылы Японияда өтө турчу Олимпиада оюндарынын медалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадада медаль алган КР спортчулары 10 млн. сомго чейин алышы мүмкүн
"Мындай мүмкүнчүлүк бардык өлкөлөргө эле бериле бербейт. UWW муну биздин спортчулардын ийгилигине, федерациянын кадыр-баркына ишенип берүүдө. Бул аз да болсо Кыргызстанга кадыр-барк алып келет. Албетте, өз үйүңдө жеңишке жеткенге көбүрөөк шарт түзүлөт. Биз эркин күрөштөн эки-үч, грек-римден төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн эки жолдомо алууну пландап жатабыз. Ал эми даярдыктар боюнча каржылык жактан бир аз маселе болууда. Спорт залыбыз, мейманканалар даяр. Азия чемпионатында 1000ден ашуун адам келген, мында 600дөй спортчунун келери күтүлүүдө", — деди Турганбаев.

Мүмкүнчүлүктү коё бербеш керек

Көптөгөн балбандарды, анын ичинде Акжол Махмудов таптаган машыктыруучу Мейрамбек Ахметов балбандар ушул мелдештен Олимпиадага жолдомо алып калбаса, кийинкиси кыйын болорун айтат.

"Бишкектеги турнирге Азия өлкөлөрү эле келет. Биз негизги күчүбүздү ушул мелдешке жумшап, пландагы лицензияларды алып калсак жакшы болот. Болбосо апрелде Болгарияга барууга туура келет. Бирок ал жакта оор болот, анткени балбандар дүйнө жүзүнөн келет да. Ошону менен жолдомолук турнирлер аяктайт. Ал эми Акжол Махмудовду карап көрөбүз, азырынча убакыт бар, буту жакшы болуп калса килемге чыгарабыз", — деди Ахметов.

Ошондой эле ал спорт сарайга эл толо келерин айтып, андыктан сыртка дагы чоң экран коюу керектигин кошумчалады.

Пекин Олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев өз үйүндө күрөшүүнүн артыкчылык жактары көп экенин билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековПекин Олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Пекин Олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев

"Бөтөн жерге барганда элдин духу таасир этет. Мисалы, Иранда ошол өлкөнүн балбаны менен чыкса элдин сүрөөнү балбанга кичине болсо да психологиялык басым кылышы мүмкүн. Экинчиден, жол жүрүп, бир-эки күн климатына көнүү жагынан маселе болбойт. Бул аябай чоң мүмкүнчүлүк. Ушул жерде максималдуу түрдө көбүрөөк жолдомо алалы деген ниетибиз бар. Болбосо кыйын болуп калат. Мисалы, 60 килограмм чен бирдик боюнча Япония, Иран, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу күчтүү өлкөлөр чыкпайт. Себеби алардын жолдомосу бар. Күрөш анча өнүкпөгөн өлкөлөр калды", — деди Бегалиев.

Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп
Ошондой эле ал Бишкектеги турнирге Бириккен күрөш уюмунун президенти, Азия федерациясынын президенти келип, кыргызстандыктардын күрөшкө канчалык кызыгарына күбө болорун кошумчалады. Бул кийинки мелдештерге жакшы таасирин тийгизет.

Белгилей кетсек, учурда грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова лицензия алган. Жайкы Олимпиада оюндары ушул жылы Япониянын Токио шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0